—Бакирдин Жамалович, кепти депутаттыктан баштасак, кандай көйгөйлөрдү көтөрүп, чечкенге аракеттенип жатасыз?
—Мен депутат болгонго чейин эле айылдык, райондук, облустук деңгээлде колдон келген жардамдарды элге көрсөтүп келгем. Депутат болгондон кийин мамлекеттик масштабда чечиле турган көйгөйлөрдү көтөрүп, калктын түйшүгүн жеңилдеткенге аракеттенип жатабыз. Эң негизгилерин айта кетсем, Талды-Булак айыл өкмөтүндөгү Бекитай, Бөксө-Жол, Кайырма деген үч айыл 1990-жылдардан бери таза суу ичпейт. Агып жаткан Кара-Балта суусун пайдаланышууда. 2000-жылы таза суу маселесин чечебиз деп түтүкчөлөрдү оңдоп, бирок аягына чыкпай фирманын жетекчилери Россияга качып кетиптир. Айыл тургундары арызданып иш козготуптур, ал эми суу маселеси чечилбей калган. Ошонун баарын изилдеп, Сосновка айыл өкмөтүндөгү ичүүчү суу көйгөйлөрүн кошуп өкмөттүк деңгээлге алып чыктык, Кудай буюрса чечилгени калды, АРИСтин жумушчулары азыр иштеп жатат.

—Кара-Балтада жер алдындагы суулар көтөрүлүп, турак-үйлөр жараксыз абалга келгенин билебиз, муну да көтөрүп жаткандырсыз?
—Ооба, Чүй боорунда жашаган элдин негизги көйгөйлөрүнүн бири жер алдындагы суулар болууда. Дренаждар тазаланбагандын кесепетинен жазга маал кар ээрип, жаан жааганда жердеги суулар көтөрүлүп, бир топ үйлөргө жарака кетти. Кара-Балта шаарында, Ак-Башат, Кызыл-Дыйкан, Калинин, Арал, Новониколаевка айылдары жапа чегүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында мониторинг жана прогноз кылуу департаменти илимий институттар менен бирге Жайыл району боюнча 60 кооптуу объектти аныктаптыр. Тилекке каршы, департаменттин жыйынтыгы чыкканына 8 ай өтсө дагы эч кандай иштер баштала элек. Мындан сырткары өзүм туулуп өскөн Бекитай айылында спорт зал жок. Футболдук аянт, турниктер коюлган, бирок кышкысын ойной турган жабык спорттук зал курулбай турат. Ушуну да өкмөттүк деңгээлде көтөрдүк. Тендерден уткан компаниянын эсеби боюнча 18 миллион сом турат экен, жакында премьер-министрге кирип чыктым, ал маселени да чечебиз деген сөзүн айтты.
Дагы белгилеп кетчү нерсе – бул Бишкек – Кара-Балта жолу менен байланышкан маселе. Аны бир нече жолу көтөрүп, элди кыйнаган абалы жөнүндө айтып, азыркы күндөрдө жолдун нугун кеңейтүү иштери башталып калды.

—Биз студент кезде Сиз министр элеңиз, бир окуяны эске сала кетейин, сырттан келген жаран катары бизди каттоого албай кыйнаган кезде бир нече этникалык кыргыз жаштары Сизге кайрылган элек, бир күндө маселени чечип берген элеңиз. Ошондой жардамдар азыр да жүрүп жаткандыр…
—Колдон келген жардамды берип жатабыз, бирөөсүн айта кетсем, жыл сайын согушка барып келген ардагерлерге сый-тамак уюштуруп, кем-карчын жеткирип, акчалай жардам көрсөтөбүз. Улуу жеңишти бизге тартуулап, бүгүнкү тынчтыкты камсыздап берген аталарыбызды сыйлаганга ар бирибиз милдеттүүбүз. Кейиштүүсү, алардын саны жыл сайын азайууда.

—Мектеп окуучуларына стипендия бергениңиз мактаныч эмеспи?
—Мен муну мактаныч эмес, стимул деп билем. Анткени, мен бир гана мектепке эмес, Чүй боорундагы Талды-Булак, Бекитай, Сары-Булак, Эркин-Сай, Ак-Башат, Орто-Суу айылдарындагы алты орто мектепте мыкты окуган окуучуларына жана эң жакшы билим берген мугалимдерине стипендия берип келе жатам. Бул ишти мандат алып депутат болгонго чейин эле жасагам, жардам өз жемишин берип жатат. Мисалы жаңы башталганда Бекитай мектебиндеги мыкты окуган окуучулардын саны 12-13 эле, атаандаштыктан ийгилик жаралат дегендей быйыл 25ке жетти. Бирине экинчиси атаандашып, билимге сугарылып жатат, мен үчүн мындан өткөн бакыт жок. Биз билимге ынтызаар болгон балдар-кыздарыбызды колдоп-коштоп, сабатсыздык менен баарыбыз бирге күрөшпөсөк, сырттан келген глобализациядан жана диний караңгылыктан чыга албай калабыз. Алардын арты түбү бүтпөгөн согуш экенин баарыбыз көрүп жатабыз.

—Милиция катары ИИМдеги көйгөйлөр да тынч жаткырбай жаткандыр?
—ИИМде 38 жыл иштедим. Союз тарагандан бери милициянын чечилбей келе жаткан көйгөйдүн бири «паек». Ушуга чейин суткасына 34 сом бөлүнүп келген, маселени көтөрүп жатып апрель айында эки эсеге чыгардык. Чечилбеген маселе көп. Союз кезинде жол кире, эмгек өргүүсүнө чыкканда кайда барып эс алсаң бекер эле, электр энергиясына 50% төлөчүбүз, айтор ушундай жакшы социалдык колдоолор бар эле, союз тарагандан кийин милиция кызматкерлерине өтө оор шарттар түзүлүп калды. Айлык маселеси аз, үй-шарты чечилбей келет. Дагы жакшы акыркы 3-4 жылдан бери Президенттин колдоосу менен үйлөр салына баштады, кезеги менен бөлүнүүдө.

—Милиция тармагы коррупцияга батканы боюнча айтылат, ишеним жок дегендер бар, мунун чындыгы барбы?
—Кээ бир жарандар маселенин экинчи тарабын карабай “Милиция иштебейт, ишенбейбиз, коррупция бар” -деп жатат. Экинчи тарабы дегеним, милиция жакшы иштеши үчүн мамлекет шарт түзүп бериши керек. Эң биринчи үй жана жакшы айлык менен камсыздашы шарт. Анткени, милицияда чектөө жок, оор кылмыш болсо күн-түн дебей папкасын көтөрүп кете берет. Түн ичинде ар кандай кокустуктар, жол кырсыктары же өрт болот, милиция үйүндө жата албайт. Бала-чакасы ысыкта-суукта калдыбы, ачпы-токпу ага карабайт. Эң татаал жана оор иш десек болот. Албетте, жыл өткөн сайын оңолуу жолундабыз, көч бара-бара түзөлөт дегендей жылыштар бар. Негизи, Грузиядагыдай реформага барышыбыз керек, ал жактагы кесиптештерим менен сүйлөшүп калам, орточо айлык азыр 1000 доллар экен. Коррупция тыйылып, көчөдөгү пара алмайлар жоголуптур. Айлык маселеси жакшы чечилгендиктен кызматкерлер өз ордун барктап, кастарлап, аздектеп калды дешет. Кудай буюрса биздин мамлекет да чечкиндүү кадамга барып, ИИМге реформа жасашы шарт.

—Терроризмден кыргыздарды Кудай эле сактап турат деген элеңиз, бул көйгөй бизде да азыр кооптуубу?
—Экстремизм менен терроризм бизге эле эмес, бүткүл дүйнөгө коркунуч туудуруп, динге берилген маңкурттар бүткүл адамзаттын башына түйшүк салууда. Коопсуздугу мыкты камсыздалган мамлекеттерде катар-катар жардырууларды уюштуруп, шайын оодарууда. Ушул маселени парламентте көтөрүп, кишилер көп жыйналган жерлерди, стадиондорду бекем кайтарууга алууга чакыргам. Кудай да сактансаң сактайм деген, андыктан кирип жаткан адамдардын колуна кармаган пакеттерин, көтөргөн сумкаларын дыкаттык менен текшерип, изилдеп, оперативдик маалыматтарды алышы керек. Албетте, Европага караганда бизде жабдуулар начар, бирок ошого карабастан аракеттер жакшы, УКМК кызматкерлери эл топтолгон жерде жардыруу уюштурууну көздөгөн кыргыз жаранын кармады. Мындан сырткары, укук коргоо органдарына ишеним артып отуруп албай, жарандар да абдан сак болуусу кажет. Кабат үйлөргө ким келип, ким кетип жатканын байкап, укук коргоо органдарына кабар жеткириши абзел. Эгер, коомчулук жардам берсе мындан да жакшы жыйынтык болот.

—Жакында эле социалдык түйүндөрдө Бишкектин чок ортосунда заара ушатып жаткан милиция кызматкеринин сүрөтү тарады, муну кандай кабыл алдыңыз, буга эмне деген чара колдонушу кажет?
—Ооба, мен да аны көрдүм, машинесинин номеринен бери турат. Формасы менен милициянын унаасын токтотуп коюп, элдин көзүнчө, күндүздүн күнү уят ишти жасаптыр. Мен милиция катары окуп алып өзүм уялдым. «Бир карын майды бир кумалак чиритет» деген ушул. Кашыктап чогулткан кадыр-баркты чөмүчтөп чачкан кишилер ар бир тармакта бар. Буга жетекчилер чара көрүшү керек, кызматынан четтеткенге чейин барышы шарт. Мындай кызматкерлерге милицияда орун жок. (Маектен кийин аталган милиционер кызматынан алынганы белгилүү болду). Милициянын кадыр-баркына менин да салымым бар, биз кашыктап чогулттук. Анан бирөө келип, чачып жатса жаман болот экенсиң. Парламентте деле милицияга жаман сөздөр айтылса жаным кейийт. Милицияда ак-так иштегендер көп, аларга сөз тийишин каалабайм.

—40 жылга жакын милицияда иштепсиз, өкүнүп калган учурлар болду беле?
—Өкүнгөн учурлар көп болду, ушул болбогон ишке кесилип кетти деп ичиң сыздаган мезгилдер болот. Тергөөчү маалымда бир окуя болгон, Көлдөн келген бир кызды мектепти жаңы бүткөн балдар акыркы коңгуроодо зордуктап коюптур. Баарынын ата-энесин тааныйм, шорголоп ыйлап келишет, арга жок мыйзамдын алкагында иштеш керек болот, жаман көрүнөсүң. Иш козгоп, балдарды камаганбыз. Бирок, ойлоносуң, кайгырасың, миң гүлүнөн бири ачыла элек жапжаш балдар, болбогон жерден кетти деп кейип каласың. Албетте, мыйзам деген мыйзам, андан четтей албайсың. Кээде тоок уурдаган, бирөөнүн алма багынан жемиш уурдаган балдар түшөт, аларга жардам берсең сүйүнөсүң.

—Тоок уурдагандар камалат дегендер бар, башыңыздан өттү беле?
—Тоок уурдагандар камалат, казынадан миллиондогон каражатты уурдагандар неге камалбайт деген нараазылык элде көп эле айтылат, андай учурлар бар. Мен факты менен айтпасам деле эл билет. Бул коррупциянын айынан болуп жатат.

—Милициянын негизги милдети кылмыш дүйнөсүндөгүлөр менен күрөш жүргүзүп, алардын жолун бууш керек, бирок азыр тескерисинче «крышавать» этет деген сөздөр бар. Сиз министр болгон кезде Кара-Балталык Алмаз Бокушев деген жигит менен мамилеңиз кандай эле?
—Эл арасында ар кандай сөздөр айтыла берет, мен ИИМди жетектеген кезде кылмыш дүйнөсү кандай абалда калганын эл билет, аларды айтып мактангым келбейт. Ал эми Сиз айткан жигит азыр түз жолдо ишкерлик менен алектенип жүргөнүн жердештеримден угуп калам.

—Акаев менен Бакиевдин кадры деген илдет кала элек, дагы деле жогорку саясий эшалондо айтылып жатат, Сиз ошол сөзгө арданасызбы же сыймыктанасызбы?
—Биринчиден жиктегендерге кошулбайм, биз алакандай элбиз, бөлүнүп-жарылганыбыз жакшылыкка алып барбайт. Биз бийликтегилер үчүн эмес – элге кызмат кылуу үчүн иштегенбиз. Экинчиден, Акаевдин жакшы жактары көп эле. Билимдүү, акылдуу, маданияттуу киши экенин эч кимибиз азыр да танбайбыз. Анан андай кишинин кадры дегенге эмнеге сыймыктанбашыбыз керек. Мен бирге иштедим, жаман айта албайм, сыймыктануу менен гана кабыл алам. Бир гана үй-бүлөсүн саясатка аралаштырып жибергени туура болгон жок, анын азабын тартып калды. Бакиевдин деле жеке өзүнө сындар аз, балдары, инилери бийликке аралашып кеткени үчүн бийликтен куулду. Мына, мисалы, азыркы Президенттин баласы, аялы аралашты деген сөз жок. Экөөнүн тагдыры кийинкилерге сабак болду.

Булак: «Де-факто» гезити, 23.06.2017
Маектешкен Зулпукаар Сапанов