Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов («Бир Бол») КР Улуттук банкынын төрагалыгына талапкер Кубаныбек Кулматовго төмөндөгүдөй суроо узатты. “Акыркы 6 жылда сиз чоң кызматтарда отурдуңуз.

«Эң жогорку жана “майлуу” кызматтар – бажы төрагасы, президенттин кеңешчиси, андан соң Чүй облусунун губернатору, Бишкектин мэри, КОӨФ башчысы болдуңуз. Бүгүн КР Улуттук банкынын төрагалыгына келип жатасыз. 6 жылда 6 кызматта иштедиңиз. Мунун кандай сыры бар, айтыңызчы, калган эл дагы билсин”, — деди депутат А.Сулайманов.

Өз кезегинде талапкер мындай кызматтарга жетүүнүн сыры катары – бир гана жакшы иштеш керектигин айтты.

“Мен сизге айтып берем, мурад бул суроону бергенде сиз жок болчусуз. 2004-жылдан Мамлекеттик бажы кызматында иштегем. Анын жыйынтыгы катары жылдан жылга бажы кирешесин 2 млрд сомдон 3 млрд сомго чейин көбөйттү. Мен анда киреше бөлүгүнө орун басар катары жеке жооп берчүмүн, кеңешчи болгон кезимде дагы. 2010-жылдан 2013-жылга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы болуп иштедим, эки жылдан бажынын киреше бөлүгү 2,7 эсеге – 14 млрд сомдон 38 млрд сомго көбөйтүлдү. Мен ошол учурда арыз жазгам. Мага эч ким: “Болду, бажыдан кет”, -деп айткан эмес. – Биз 5 киши өзүбүз чарчагандан кеткенбиз. Президентке кеңешчи болуп 6-7 ай иштедим, андан кийин мэрияга кеттим. Биз шаарды өнүктүрүү стратегиясын жаздык жана аны ишке ашыра баштадык. Шаарда көйгөй бар жана аны чечүү үчүн колго алып иштей турган долбоор да бар. Эң башкысы — бюджетти кайра бөлүштүрүүнү чечтик. Шаардын бюджетинде 7 млрд сом бар. Биз келген убакта өнүктүрүү бюджети 126 млн сом болчу, качан биз кеткенде Жогорку Кеңештен Бишкеке каражат бөлүп берүүнү кайра кароону сураган жокпуз – борбор калаага 1,6 млрд сом калтырдык. Бүгүнкү күнү ички жолдор шаардын өздүк бюджетинин эсебинен оңдолуп жатат. Бул шаарды өнүктүрүү саясаты болчу. Бүгүнкү күнү шаардын өнүгүү стратегиясы толук жазылган. Андан соң фондго келдим, ошол кезде болгону 17 млн доллардын тегерегинде каржыланган 14 долбоор бар болчу. Жарым жылда биз 770 долбоорду каржыладык, 248 млн долларга насыя жактырылды.Бул реалдуу секторду өнүктүрүүгө реалдуу иш болуп жатканын айгинелейт. Жыйынтык болуп жатса дагы “эрке бала” деп айтуу бир аз туура эмес сөз болуп жатат”, — деди К.Кулматов.

Ошондой эле, К.Кулматов саясат дайыма болжолдогон өнүгүүгө багыт алаарын, ишти бүткөрүүнүн да өз убагы болоорун кошумчалады. Өз кезегинде депутат А.Сулайманов ишти коомчулуктун пикири боюнча баалай турганын билдирди. Эл өкүлүнүн айтымында, К.Кулматов өзүнүн аткарган иштерин бир аз ашыра айтып койду. Ошондой эле, К.Кулматов да суроолорго жооп берип жатып, Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду өз алдынча түзүм болгондуктан, көз карандысыз болууга тийиш экенин билдирди.