Жогорку Кеӊештеги “Бир Бол” фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиевдин демилгеси менен 22-июндан 1-июлга чейин Аксы районунун баардык айылдарында акысыз медициналык кароо уюштурулду. Жергиликтүү тургундар ЭКГ, УДИ жабдуулары менен текшерилгенден тышкары, атайын Бишкектен барган тажрыйбалуу кардиолог, маммолог, лор, гинеколог, педиатр, хирургдардын кароосунан да өтүштү. Мындай мүмкүнчүлүктү түзүп бергени үчүн жашоочулар эл өкүлүнө ыраазычылыктарын билдиришти.