Орто жана чакан бизнестин өкүлдөрүн мыйзамсыз иш козгоодон коргоо максатында демилгеленген мыйзам долбоору 5-сентябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитети тарабынан жактырылды.
Мыйзам долбооруна ылайык, ишкерлерге карата мыйзамсыз иш козгогондугу үчүн эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталат. Мындай өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси парламенттеги «Бир Бол» фракциясынын мүчөсү Акылбек Жапаров тарабынын көтөрүлгөн.
Анын айтымында, кылмыш иштери КР мыйзамдарында каралгандай кайсыл бир жасалган кылмыш фактысына эмес, белгилүү бир ишкерге карата жетиштүү негиз жок болсо дагы кылмыш иши козголгон учурлар кеңири таралган.
Мындай иштерди иликтөө бир нече айларга созулушу мүмкүн жана андан соң кылмыш иши кыскартылат. Бирок бул убакыт аралыгында ишкерлер орду толгус зор зыяндарды тартат, бизнес-процесстер бузулат, материалдык зыян тартат жана ага кошумча ишкердин аброюна шек келтирилет.
Өзгөртүулөргө ылайык, эгерде келтирилген зыян көлөмдүү болсо (бир миллион сомдон ашык), күнөөлүүлөрдү эркинен ажыратып, 5-7 жылга абакка кесүү менен менен жазалоо сунушталат. Мыйзамды кабыл алуу ишкерлерге кылмыш иликтөө механизмдери жана мыйзамсыз тергөө аракеттери менен басым жасоо мүмкүнчүлүгүн жоет, ошондой эле, мамлекет ичинде жагымдуу ишкердик климат жаратат.