13-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамды аткаруу тууралуу” жыйында   депутат Мыктыбек Абдылдаев, академия басып чыгарган  конституцияда мамлекеттик гимндин кайырмасындагы “үркүндөй бер, өсө бер” деген  оркойгон катаны айтып сынга алды.

Абдылдаев: “Мына менин колумда академия басмасы чыгарган конституция  турат. Гимндин  кайырмасында минтип жазып коюптур “үркүндөй бер, өсө бер, өз тагдырың колунда деп”  Бул чоң саясий ката да. Эгерде  мына ушундай сөздү мамлекеттик академиянын басмасы карабай туруп басып койсо, анда кантебиз. Аны бир да жолу жазбайт,  ар бир кайырмага  жазып коюптур “үркүндөй бер деп” Анан биз кайсы тилде  талкуулап жатабыз. Мына ошондуктан Чыныбай Акунович, биз парламент  көзөмөлгө алышыбыз керек.   Мамлекеттик тартип болбой бара жатканы ушундан болуп жатат.   Саясий ката кетирбешибиз керек деп кошумчалады.   

Ошондой эле депутат Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрүнө мындай чоң саясий катага кантип жол бергендигин сынга алып, буга жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды.

Источник: http://kaganat.kg/2017/09/13/m-abdyldaev-konstitutsiyadagy-rk-nd-j-ber-s-ber-degen-orkojgon-katany-ajtyp-synga-aldy/