(2016-жылдын сентябры – 2017-жылдын июну)

Сандан сапатка карай

 

Фракция өткөргөн жыйындардын саны

Каралган маселелердин саны

МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУНУН САНЫ

Кабыл алынган жарандардын саны

Каралган каттардын саны

Ишкерлерге мыйзамсыз кылмыш иши козголгондугу үчүн тергөөчү, прокурордун жоопкерчилиги киргизилет
Ишкерлерди материалдык зыян тартууга алып келген жана негизсиз кылмыштык куугунтуктоосу үчүн тергөөчү, прокурорлордун жоопкерчилигин күчөтүүнү караган мыйзам долбоору киргизилди.

1 000 000 сомго чейин сатып алуулар үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тендер өткөрбөйт
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишин камсыз кылуу үчүн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тендер өткөрбөстөн бир миллион сомго чейин сатып алууга шарт түзгөн мыйзам кабыл алынды.

Мас абалындагы айдоочуларга жаза күчөтүлөт
Транспорт каражатын мас абалында башкаргандыгы үчүн жоопкерчилик күчөтүлөт. Бир жылдын ичинде экинчи жолу мас абалында башкарса, транспорт каражатын конфискациялоо, андан сырткары айдоочу күнөөлүү болуп, жол кырсыгы адам өлүмүнө алып келсе айдоочулук укугунан өмүр бою ажыратылуусу сунушталды.

Бийик тоолуу шарттарда жашап, балалуу болгондорго 10 000 сомдон компенсация берүү сунушталды
Бийик тоолуу шарттарда жашаган адамдарга баланы багууга чыгымдарды кайтаруу үчүн бала төрөлгөндө бир жолку 10 000 сомдук акчалай компенсация төлөө сунушталып жатат.

Адвокаттык суроо-талаптарды сөзсүз кароо мөөнөтү бир айдан 14 күнгө кыскарды

Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фондусунан насыя алууда дыйкандар жерлерин күрөөгө коюп, насыя алуусун шарттаган мыйзам долбоору демилгеленди

Сот тутумунун бюджетин көз карандысыз түзүү принцибин толук аткарууга шарт түзгөн Мыйзам кабыл алынды

Ата — мекендик өндүрүүчүлөрдү, экспорттоочуларды коргоо жана колдоо көрсөтүү боюнча токтом кабыл алынды

“Евразия экономикалык бирлигине интеграциялоонун шарттарында ата мекендик өндүрүүчүлөрдү, экспорттоочуларды коргоо жана колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма жөнүндө” ЖКнын Токтому “Бир Бол” фракциясынын депутаттары тарабынын демилгеленип, кабыл алынды.

Токтом менен Эсептөө палатасына Россия Федерациясынан келип түшкөн каражаттарды мамлекеттик органдар тарабынан натыйжалуу пайдаланылышына аудит жүргүзүү тапшырылды.

Токтомдун негизги максаты:
— Ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү, экспорттоочуларды колдоо жана коргоо боюнча чараларды күчөтүү, механизмдерди иштеп чыгып жана алардын аткарылышын камсыз кылуу
— Логистиканы, маркетингди, продукцияларды алдыга жылдыруу, сатууну жакшыртуу жана тоскоолдуктарды болтурбоо.

КР Өкмөтүнө берилген тапшырмалар:

— ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин (Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын) аймагына жөнөтүүлөрдү жүзөгө ашыра ала турган ЕАЭБ ишканаларынын Реестрине киргизүү үчүн кыргыз ишканаларынын санын көбөйтүү боюнча иштерди күчөтсүн;

— Кыргыз Республикасына 3-5 жылга экспортту жана импорттук жайгаштырууларды өнүктүрүү программасын иштеп чыксын жана бекитсин;

— Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган негизги тамак-аш продуктыларын өндүрүүгө дотация берүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыксын жана кабыл алсын;

— Үчүнчү өлкөлөргө жөнөтүүдө Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган товарларга жана чийки заттарга карата тарифтик преференцияларды алуу мүмкүнчүлүгүнө талдоо жүргүзсүн. Талдоонун жыйынтыктары жөнүндө 2017-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө маалымат берсин;

— ЕАЭБге мүчө эмес мамлекет болуп саналган өлкөлөргө айыл чарба продукцияларын жана кайра иштетилген продуктыларды (этти, жашылчаларды жана жемиштерди, балды, жаңгакты жана башка продукцияларды) экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн иликтесин, ошондой эле продукцияларды жөнөтүү боюна өкмөттөр аралык макулдашууларды түзүү боюнча жол-жоболорду баштасын, Түркияга, Түштүк-Чыгыш Азия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жана башкаларга продукцияларды ташууда тарифтик преференцияларды алуу мүмкүнчүлүгүн изилдесин;

— Кыргыз Республикасында лабораториялык инфратүзүмдөрдү түзүүгө, жабдууга, модернизациялоого байланыштуу иштерди тезинен аяктоо, анын ичинде 2015-жылдын 31-мартында Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкактарында Кыргыз Республикасына Техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы багыт боюнча россия тарабы, ошондой эле башка тиешелүү ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн; окуу, ошондой эле тиешелүү педагогикалык персоналды окутуу максаттарында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык университетине, И.К.Ахунбаев атындагы КММАга, Ж.Баласагын атындагы КУУга караштуу лабораториялык инфратүзүмдөрдү жабдуу мүмкүнчүлүктөрүн иликтесин;

— Өткөрмө пункттарын тезинен ыңгайлаштыруу жана техникалык жабдуу, ЕАЭБ чек араларынын, анын ичинде өткөрмө пункттарынан тышкары кыргыз участогун техникалык жабдуу жана инженердик жабдуулар менен камсыздоо боюнча иштердин аткарылышы үчүн кыргыз тарабынын зарыл иш-чараларды аткаруусун контролдоону колго алсын;

— Кыргыз-казак чек арасында ветеринардык контролду жоюу процесстерин тездетсин, Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча Федералдык кызмат даярдаган Кыргыз Республикасындагы малдардан алынган продукцияларды өндүрүү боюнча ишканаларга Евразия экономикалык бирлигинин адистеринин жүргүзгөн инспекциясына ылайык Кыргыз Республикасына ЕАЭБге эт-сүт продукцияларын экспорттоо укугунан баш тартылган Отчеттогу (2015-жылдын 16-февралы — 2015-жылдын 27-февралы) сунуштардын аткарышын контролдоону колго алсын;

Кайрымдуулук иштер:

  •  Чоң Алай жана Өзгөн райондорунда жер титирөөдөн жабыркаган үй-бүлөлөргө 2017-жылдын 20-майында 400 миң сом тапшырылды;
  • Дача-Су айылында айылында авиакырсыктан жабыркагандарга материалдык жардам көрсөтүлдү;
  • Өзгөн, Жайыл райондорундагы жана Кара-Балта шаарындагы орто мектептерди артыкчылык менен бүтүргөн окуучуларга стипендиялар берилди;
  • Аймактарда райондорунда байгелүү ири спорттук иш-чаралар өткөрүлдү;
  • Аксы районунун баардык айылдарында 19-июндан 28-июнга чейин акысыз медициналык текшерүү уюштурулду.

“Бир Бол” фракциясы Жогорку Кеңеште коалициялык көпчүлүктүн курамында иш алып барууда. Фракция 12 депутаттан турат, лидери – Сулайманов Алтынбек Турдубаевич

Цитаталар:

“Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишмердүүлүгүн контролдоо абзел” – Алтынбек Сулайманов.

“Кыргызстан тууралуу чет өлкөлүк ММКларга чыгып жаткан терс маалыматтарга Тышкы иштер министрлиги көңүл бурушу зарыл, анткени мындай маалыматтар мамлекеттин аброюна шек келтирип жатат” -Мыктыбек Абдылдаев.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эффективдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзүлүшү керек” — Улугбек Ормонов.

“Жетиштүү негиздер жок болгондо конкреттүү ишкерге карата эмес, кылмыш жасалган фактысы боюнча кылмыш иштери козголгон учурлар көп кездешет. Мындай тажрыйба экономикалык процесстердин өнүгүшүнө терс таасир этет, экономикалык иштин чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалуулугун азайтат” — Акылбек Жапаров.

“Жаштар саясатынын мамлекеттик стратегиясын иштеп чыгып, аларды мекенчилдик багытында тарбияласак” – Бакирдин Субанбеков.

“Жер саясаты боюнча бирдиктүү орган түзүү зарыл» — Алмазбек Акматов.

“Чоң спортто татыктуу спортсмендердин катышуусун камсыз кылуу үчүн федерацияларды аккредитациядан өткөрүү тартибин карап чыгып, жаңы механизмди киргизүү учурга ылайык” – Дүйшөн Төрөкулов.

“Таза коом” долбоору “Коопсуз шаарга” альтернатива боло алат” – Жаныбек Бакчиев.

“Жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары мамлекеттик жогорку окуу жайлардагы төлөмдөрдөн бошотулушу шарт” – Аскарбек Шадиев.

“Бишкек-Ош жолунун оңдоо иштерин тездетүү керек” – Кубанычбек Жумалиев.

“Жол-кырсыктарын азайтуу үчүн автомектептерге лицензия берүүнү, айдоочуларды окутуу боюнча ыйгарым укуктарды жана функцияларды бирдиктүү органга берүү зарыл” — Исхак Пирматов.

«Регионалдык тарапта жана туризмдин түрлөрү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү, туристтик кластерлерди түзүү Кыргызстан үчүн приоритетүү болуп саналат» — Игорь Чудинов.

1. Сулайманов Алтынбек Турдубаевич —
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин мүчөсү, кабылдамасы — 63-91-94

2. Абдылдаев Мыктыбек Юсупович —
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин мүчөсү, кабылдамасы — 63-86-39

3. Субанбеков Бакирдин Жамалович —
Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин мүчөсү, кабылдамасы — 63-91-65

4. Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович —
Транспорт коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү, кабылдамасы — 63-86-20

5. Акматов Алмазбек Жумабекович —
Агрардык саясат, суу ресурстары экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин мүчөсү, кабылдамасы — 63-88-21

6. Чудинов Игорь Витальевич —
Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү, кабылдамасы — 63-91-32

7. Ормонов Улугбек Зулпукарович —
Транспорт коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү, кабылдамасы — 63-85-88

8. Жапаров Акылбек Усенбекович —
Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү, кабылдамасы — 63-85-78

9. Бакчиев Жаныбек Абдукапарович —
Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин мүчөсү, кабылдамасы — 63-86-42

10. Шадиев Аскарбек Алимбаевич —
Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы, кабылдамасы — 63-90-36

11. Пирматов Исхак Айтбаевич —
Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү, кабылдамасы — 63-85-40

12. Төрөкулов Дүйшөн Гуламкадырович —
Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мүчөсү, кабылдамасы — 63-89-07

«Бир Бол» парламенттик фракциясынын катчылыгы — 63-85-27, 63-92-85