Бир Бол фракциясынын депутатыны демилгеси менен спорттук комплекстин курулушу башталды. 2017-жылдын 23-августунда Чуй облусунун Жайыл районуна караштуу Талды-Булак айыл аймагындагы Самудин Молдосанов атындагы Бекитай орто мектебине спорттук комплексинин пайдубалына “Капсула салуу” иш чарасы болуп өттү. Аталган иш-чарага “Бир Бол” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Бакирдин Субанбеков, Өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин жана өз алдынча башкаруунун жетекчилери жана өкүлдөрү, жергиликтүү жашоочулар, аксакалдар, мектептин мугалимдери жана окуучулары катышты. 2016-жылдын 11-октябрында Б.Субанбековдун сунушу менен Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети жана Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети атайын көчмө жыйынын өткөрүшүп, Өкмөткө тиешелүү тапшырмаларды беришкен. Орто мектептин директору Айна Абдыкулова: “Биздин мектепте 130дан ашык бала окушат, аларга спорт менен машыгууга жана ден соолуктарын чың алып жүрүүгө чоң өбөлгө түзүлөт” – деп элдин атынан ыраазычылыгын билдирди.