БИРБОЛ

Башкы бет Биз тууралуу

"БИР БОЛ" САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ

Партия 2010-жылы Уюштуруучу Съездде түзүлгөн жана биринчи жолу юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө Күбөлүктү 2010-жылдын 28-июнунда алган. 2010-жылы партия “Бир Бол” либералдык-демократиялык партиясы” деп катталган.

2013-жылдын 16-ноябрында “Бир Бол” либералдык-демократиялык партиясы” аталышынан “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясы” деген атка өзгөртүлүп, идеологиялык платформасы, Уставы бекитилген.

 

          Жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышуу

 

“Бир Бол” саясий партиясы 2013-жылы 18-августа өткөн Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыгы менен 4 мандат алган.

“Бир Бол” саясий  партиясы 2014-жылы 13-апрелде өткөн Токтогул шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыгы менен 3 мандат алган.

“Бир Бол” саясий  партиясы 2016-жылы өткөн Кызыл-Кыя шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыгы менен 2 мандатка ээ болгон.

“Бир Бол” саясий  партиясы 2016-жылы өткөн Ош шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыгы менен 5 мандатка ээ болгон.

 

2015-жылы “Бир Бол” партиясы парламенттик шайлоого катышып, 12 мандат алган.

 

Парламентте “Бир Бол” фракциясынын депутаттары комитеттердин, депутаттык топтордун курамында иштеп бир катар олуттуу мыйзамдарды демилгелеп, парламент тарабынан колдоого алынып турду. Өлкө үчүн пайдалуу болгон “Ачык асман”, “Уран кенин казууга тыюу салуу” ж.б. Мыйзамдар демилгеленген. Казинолорду жабуу, “Кумтөрдү” улутташтыруу сыяктуу маселелерде партия эл тарапта болуп, позициясын так жана даана билдирип турду. Мындан сырткары, ата-мекендик өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү, мамлекеттин материалдык мүлкүнүн толук инвентаризациялоо, мас абалындагы айдоочуларга жазаны күчөтүү сыяктуу бир катар иштиктүү сунуштар  “Бир Болдун” демилгеси менен ишке ашты.

Өлкөдөгү абал, элдин нааразычылыктары жана талаптары парламенттеги ишмердиктин оош-кыйышы, жетишкендиктер менен кемчиликтер анализденип, “Бир Бол” партиясы мыйзам чыгарууда, саясатта муун алмашуусу керектигин көрө билди. Замандын күрөө-тамырын тартып иштей ала турган жаңы жүздөр жана заманбап идеялар зарылдыгы аныкталып, жаштар, жарандык коомдун активдүү мүчөлөрү менен бир катар жолугушуулар өткөн. Натыйжада партия лидери Алтынбек Сулаймановдун демилгеси менен “Бир Бол” курамын толугу менен жаңыртып, жаратман мекендештер жана жаштар партиянын катарын толуктады.

Биздин программа

СТРАТЕГИЯЛЫК ПЛАТФОРМАСЫ

УРМАТТУУ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР! 2020-жыл өлкөбүздүн ар бир жараны …

Кененирээк

I. ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ

I. Экономикалык өнүгүү II. Эффективдүү мамлекеттик башкаруу III…

Кененирээк

II. ЭФФЕКТИВДҮҮ МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ

Партия мамлекеттик башкаруу системасында төмөнкү багаттырга артыкчылы…

Кененирээк

III. АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖАНА КООПСУЗДУК

Сотторду тандоо кеңешине талапкер көрсөтүү жана шайлоо процедурала…

Кененирээк

IV. БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА МАДАНИЯТ

Сапаттуу билим берүү жана маданиятты өнүктүрүү – биздин партиян…

Кененирээк