БИРБОЛ

Башкы бет Партиянын мүчөлөрү Абдисаит Каримбеков

АбдисаитКаримбеков

ТАЛАПКЕР
Туулган күнү: 04.10.1984
Биография

Юрист, жеке ишкер, Ош шаардык кеңешинин VI чакырылышынын депутаты. 

 

Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Жаш-Тилек айылында 1984-жылы туулган.

 

Чоң-Алай районунун Жаш-Тилек айылында З.Каримбеков атындагы орто мектепти 2001-жылы аяктаган.

 

Жогорку билимдүү. 2006-жылы академик М.М.Адышев атындагы Ош Технологиялык университетинин эл аралык мамилелер факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

 

2006-жылы Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарында, Пекин чет тилдер жана маданият университетинде “стажер – изилдөөчү” болгон. 2008-2010-жылдары “XXI кылымдын кадрлары” Президенттик программасынын негизинде Кытай Эл Республикасынын Чанчун шаарындагы Жилин университетинин Эл аралык мамилелер адистиги боюнча магистратурасын аяктаган.

 

2015-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын “Финансылык укук” адистиги боюнча магистратурасын бүтүргөн. Андан соң Ош мамлекеттик университетинин юриспруденция багыты боюнча аспирантурасын аяктаган.

 

2018-жылы Россия Федерациясынын Татарстан Республикасындагы Болгар Ислам академиясынын “Ислам укугу” багытында докторанты даражасына ээ болгон. Бир жылдан кийин Кытай Эл Республикасынын Сиян шаарындагы Түндүк-Батыш университетинин юриспруденция багыты боюнча докторанты даражасын алган.

 

2006-жылы академик М.М.Адышев атындагы Ош Технологиялык университетинин Инвестиция, гранттар жана сырткы байланыштар департаментинде менеджер болуп  баштаган.

 

2011-2012-жылдары – Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин соода жана экономика багыты боюнча Кытай Эл Республикасындагы өкүлү.

 

2012-2016-жылдары – ОсОО “Алянс” тоо-кен металлургиялык компаниясынын аткаруучу директору.

 

2016-2020-жылдары – Ош шаардык кеңешинин VI чакырылышынын депутаты.

 

Ош шаардык кеңешинин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, ишкердикти жана бизнести колдоо, инвестициялар, тышкы экономикалык байланыш жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын  төрагасы.

 

2019-жылдан баштап азыркы учурда – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн экономикалык багытта кеңешчиси.

 

 3 уул, 1 кыздын атасы.