БИРБОЛ

АйжанЧыныбаева

Талапкер
Туулган күнү: 11.04.1978
Биография

Кесипкөй менеджер, жеке сектордо жана эл аралык уюмдарда ийгиликтүү иштери менен сөзгө алынган тажрыйбалуу жетекчи, бизнести жөнгө салуу жана жагымдуу ой жүгүртүү боюнча тренер, белгилүү «Эко Деми» коомдук фондунун негиздөөчүсү, айлана-чөйрөнү коргоо, аялдарды жана калктын аялуу катмарын колдоого арналган бир катар коомдук иштердин демилгечиси жана активдүү катышуучусу, ири масштабдагы жергиликтүү жана эл аралык кайрымдуулук иш-чараларынын уюштуруучусу.

 

Бизнесте жана коомдук иштерде аялдар кантип ийгиликтүү боло алышат? Бул суроого жоопту Айжан Чыныбаеванын ишмердигинен тапса болот. Ийгиликке карай жол Айжан айым орто мектепте окуп жатканда эле башталган. Жогорку класстардын окуучулары үчүн FLEX (future leaders exchange) коммерциялык эмес алмашуу программасы менен АКШдан билим алуу стипендиясын утуп алып, Индиана штатындагы Кордион шаарында окуган. Ал жактан келген соң Борбордук Азиядагы Америка университетине тапшырып, Бизнести башкаруу кесибине ээ болуп чыккан.

 

Эмгек жолун «Хаятт Ридженси Бишкек» мейманканасында сатуу боюнча менеджер кызматынан баштаган. Андан соң «Дизайн Бюро», «Club Hotel», «Reliable System Trade», «Талисман-Виллидж» компанияларында башкы жетекчи болуп иштеген, учурда «Достук Холдинг» ЖАКсынын башкы директору.

 

Айжан Чыныбаева 2016-жылы Кыргыз Республикасындагы Норвегия Королдугунун ардактуу консулу болгон, ал эми 2017-жылдан тарта КРнын Консулдар клубунун президенти.

 

Коомдук иштер – Айжан Адамкалыевнанын ишмердигинин маанилүү багыты. Ал «Курак – Кыргызстан айымдары» коомдук бирикмесинин төрайымы, социалдык ишкерлик ассоциациясынын кеңешинин мүчөсү, Борбордук Азиядагы Америка университетинин камкордук кеңешинин мүчөсү, «Rotary club of Bishkek» эл аралык кайрымдуулук уюмунун экс-президенти, учурдагы мүчөсү. Аталган уюмдун президенти болуп турган кезде Айжан Чыныбаева тарабынан социалдык тармактарда жергиликтүү жана чет элдик спонсорлордун каражаттарын тартуу максатында маалыматтык кампания өткөрүлгөн.

 

Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын жашоосун чагылдыруу максатында алардын жана ата-энелеринин катышуусунда кайрымдуулук иш-чараларын уюштурган. 2015-жылдан бери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 150 үй-бүлөгө саан уйлар берилген. Бул саамалык балдардын тамактануу рационун жакшыртууга жана үй-бүлөлүк бюджетти толтурууга жардам берүүдө. Ошондой эле Айжан Чыныбаева «Эко Деми» коомдук фондунун негиздөөчүсү жана «Таза Ысык-Көл» кыймылынын демилгечиси. 2014-жылдан бери «Эко Деми» коомдук фонду жаратылышты сактоо багытында маалыматтык кампанияларды өткөрүп келет. Бул фонд 4 жыл ичинде 100 000ден ашуун ыктыярчыларды катарына кошуп, айлана-чөйрөнү таштандыдан арылтуу боюнча масштабдуу жана даректүү иштерди жүргүзүүгө жетишкен.

 

Айжан Чыныбаева КМШ өлкөлөрүндө позитивдүү ой жүгүртүү жана бизнес боюнча тренер. Максатка жетүү үчүн сөзсүз эле акчанын болушу шарт эмес, жагымдуу ойлор менен да жашоону оңдосо болот деген пикирдин айныгыс алып жүрүүчүсү жана таратуучусу.

 

«Коомдук иштер менен аймактарга көп чыгам. Айыл жериндеги турмуш, өзгөчө элеттик аялдардын жашоо деңгээли жакшы эмес. Биз энелердин сабаттуу жана саламаттыгы чың болуусуна умтулуп, алардын жеке өсүүсүнө шарт түзүшүбүз керек. Менин коомдук ишмердигим дагы негизинен аялдарды жана коомдун аялуу катмарын колдоого арналган. Ошол эле убакта жаштардын билим алууга жетишүүсү ишмердигимдин бир багыты. Билимдүү жаштарды колдоо, алар менен биргеликте коомчулукка жагымдуу өзгөрүүлөрдү алып келүү – биздин маанилүү максат».

 

Айжан Чыныбаева