БИРБОЛ

АканИманов

Талапкер
Туулган күнү: 29.04.1982
Биография

Иманов Акан Эрикович 

 

Айыл калкынын турмушу, көйгөйү жана каалоосу Акан Имановго жакындан тааныш. Өзү туулуп-өскөн Ысык-Ата районундагы Нурманбет айылдык кеңешинин эки жолку депутаты, көп жылдан бери айыл чарбасы менен алектенген фермер, коомдук ишмер жана кайрымдуулук долбоорлорунун уюштуруучусу катары ишмердигинин басымдуу бөлүгү элеттиктердин жашоосу менен байланышкан. 

 

Акан Иманов 38 жашта, жогорку билимдүү. К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетин артыкчылык менен аяктап, окууда жана университеттин коомдук-маданий иштеринде көрсөткөн жетишкендиктери үчүн 2003-жылы Кыргызстандын ошол кездеги президенти Аскар Акаев «Үмүт» президенттик стипендиясын тапшырган.  

 

Эмгек жолун 2004-жылы «Азаттык» радиосунда кабарчы катары баштаган. Айыл жашоочуларынын социалдык, чарбалык көйгөйлөрүн жеринен байма-бай чагылдырып, дыйкандардын курч маселелерин көтөрүп чыккан журналист катары коомго таанылган. Андан кийин Борбордук шайлоо комиссиясында эксперт кызматын аркалап мамлекеттик иш чөйрөсүндө тажрыйбасын арттырган.

 

2012-жылдан 2016-жылга чейин Нурманбет айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланып, 2016-2017 жылдары айылдык кеңештин төрагасы болуп эмгектенген. Элди артынан ээрчите алган жаштардын башын бириктирип, жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүгө арналган иштерди баштап, башкарып кете алчу жөндөмгө ээ.

 

Жергиликтүү кеңештин эки жолку депутаты катары аймактагы таза суу, жарыктандыруу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, бюджетти максаттуу колдонуу багытындагы көйгөйлөрдү көтөрүп, аларды чечүүнүн жолдорун сунуштап, өзү тыкыр көзөмөлдөө менен иштерди оң жагына чече алган. 

 

Кайрымдуулук багытында, спорттук-маданий иш-чараларда өзүнүн колдоосун көрсөтүп, уюштуруу иштеринин башында туруп келет. «Ардактуу мугалимдер» долбоорун негиздеп, райондогу мугалимдерге жана окуучуларга Акыркы коңгуроо салтанаты сайын стипендия ыйгарып келет. 

 

Иманов Акан өлкөдөгү орчундуу көйгөйлөргө, адилетсиздик, мыйзамсыздык фактыларына карата өзүнүн жарандык пикирин социалдык тармактар аркылуу ачык билдирип турат. «Адил» дыйкан чарбасынын негиздөөчүсү, көп жылдар бою кант кызылчасы сыяктуу айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүп келет. 

 

«Ааламга жол айылдан башталат» демекчи, мен элеттиктердин бакубатчылыгы үчүн жан үрөп, алардын көйгөйлөрүн ичинен билип, чечүүгө далалат кылган кыргыздын жөнөкөй уулумун. Дыйкандардын ийгилиги, аларга ар тараптан колдоо көрсөтүү – мамлекеттин приоритеттүү багыты болушу керек», дейт Акан Иманов. 

Янв. 1, 2004
Янв. 1, 2012
Янв. 1, 2016
01.01.2004

Корресподент радио “Азаттык”

2004 

 

01.01.2012

епутат двух созывов местного кенеша Нурманбетского айыльного округа

2012-2016

01.01.2016

Председатель местного кенеша

2016- 2017