БИРБОЛ

Башкы бет Партиянын мүчөлөрү Акбалык Жумалиева

АкбалыкЖумалиева

ТАЛАПКЕР
Туулган күнү: 15.01.1970
Биография

Англис тили мугалими, котормочу, “Сорос-Кыргызстан” фондунун англис тили программасынын алкагында Венгриянын Будапешт шаарында уюштурулган конференциянын катышуучусу.

 

Акбалык Жумалиева Жалал-Абад облусуна караштуу Базароргон районунун Правда айылында туулган. Атасы Жумалиев Калы Ачы токой чарбасында башкы бухгалтер, апасы Жумалиева Зайнаш үй кожойкеси болгон.

 

1986-1991-жылдары Ош Педагогикалык институтунун чет тилдер факультетин аяктаган.

 

1991-1999-жылдар аралыгында өз кесиби боюнча иштеген. 2000-жылдан 2017-жылга чейин  Entes-Kyrgyzstan, Alke-NarynGES, Finn Road, China Road өңдүү эл аралык долбоорлордо англис тилинен котормочу болуп иштеген.

 

2010-жылдан тарта жеке ишкерлик менен алектенет.