БИРБОЛ

Башкы бет Партиянын мүчөлөрү Алмамбет Шыкмаматов

АлмамбетШыкмаматов

Штабдын жетекчиси, Талапкер, Саясый кеңештин мүчөсү
Туулган күнү: 21.10.1969
Биография

Салмактуу саясатчы, дасыккан мамлекеттик кызматкер жана тажрыйбалуу парламентарий – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылыштагы депутаты. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо эл өкүлү болуп шайланып, мыйзам чыгаруу жана эл көйгөйлөрүн чечүү ишмердигин ийгиликтүү алып кетти.

 

Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик курулуш, сот-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болгон. Ал комитетте өзүн мамлекетчил саясий ишмер жана күчтүү юрист катары көрсөтө алды. Алмамбет Шыкмаматов 3 жогорку билимдин ээси. Алгач К.Карасаев атындагы БГУнун орус тили жана адабияты факультетин аяктап, андан соң Ж.Баласагын атындагы КУУдан юридикалык билимге ээ болгон. Ошондой эле Россия Федерациясынын Президентинин алдындагы Эл чарбачылыгы жана мамлекеттик кызмат боюнча академиясын Мамлекеттик кызмат жана кадр саясаты адистиги боюнча аяктаган.

 

Окуу, билим алуу арасында советтик армиянын катарында аскердик милдетин Алыскы Чыгыш аскердик округунда өтөгөн.

 

Эмгек жолун Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда сот аткаруучу кызматынан башталган. Андан соң Жерди жана кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча башкы башкармалыгынын жерге жайгаштыруу боюнча бөлүмүндө башкы адис, КРнын Жогорку Сотунун жарандык иштер боюнча бөлүмүндө улук консультант болуп эмгектенген.

 

Алмамбет Шыкмаматов мамлекеттик кызматкер катары натыйжалуу иш алып баруу менен КРнын Жогорку Кеңешинин спикеринин жардамчысы кызматын аркалаган.

 

2010-жылы КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагалыгына дайындалган, 2011-жылы КРнын Юстиция министри кызматын ээлеп, бул тармакты 2015-жылга чейин жетектеген.

 

Мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси жана КРнын Президентинин Жарлыгы менен ыйгарылган «Даңк» медалынын ээси.

 

Эл өкүлү катары адам укуктары, өлкөнүн демократиялык баалуулуктары жана коррупция менен күрөшүүдө так жана туруктуу позициясы менен айырмалана алды. «КРнын Омбудсмени тууралуу», уран кенин иштетүүгө жана мөңгүлөрдү талкалоого тыюу салган жана башка көптөгөн мыйзамдардын демилгечилеринин бири.

 

«Биздин өлкөдөгү абалды күчтүү жана чынчыл кадрлар гана өзгөртө аларына ишенем. Мен укук үстөмдүгү, темирдей тартип жана күчтүү кадр саясаты үчүн».

 Алмамбет Шыкмаматов