БИРБОЛ

Башкы бет Партиянын мүчөлөрү Алтынбек Сулайманов

АлтынбекСулайманов

ТАЛАПКЕР
Туулган күнү: 24.09.1972
Биография

Элди ынтымакка, бир болууга чакырган «Бир Бол» партиясынын түптөөчүсү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 3 жолку чакырылышынын депутаты. 2007-жылы Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Сулаймановго кыргыз эли ишеним көргөзгөндөн кийин Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болгон. 2010-жылы кайрадан шайлоого аттанып, Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты болуп шайланган, 5 жылдык мөөнөттө фракция лидери болууга да үлгүргөн.

 

2015-жылы «Бир Бол» партиясын түптөп, элдин колдоосуна ээ болгон. Учурда эл ишенимин актаган, элдин үнүн уккан эл өкүлү болуу максатын ишке ашырып келет.

 

3 жогорку билимдин ээси. Алгач Ж.Баласагын атындагы КМУнун юридика факультетин, андан соң М.Абышев атындагы ОшТУнун экономика факультетин бүтүрүп, кийин өлкөлөрдүн алакасынын күңгөй-тескейин билүү үчүн КРнын Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиясынан «Эл аралык мамилелер» адистигине ээ болгон.

 

Мекенин сүйгөн кыргыз жигити катары советтик аскерлердин катарында кызмат өтөгөн.

 

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (2009-ж.), КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын (2010-ж.) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы (2010-ж.), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик «Достук» ордени менен сыйланган. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

 

Сулайманов Алтынбек Турдубаевич өз ишине так, жоопкерчиликтүү мамиле кылган, талапты коё билген, тажрыйбалуу эл өкүлү. Мекен үчүн зарыл болгон казинолорду жабуу, "Кумтөрдү" улутташтыруу сыяктуу маселелерде эл тарапта болуп, позициясын так жана даана билдирип келген.

 

Мындан сырткары өлкө үчүн пайдалуу болгон «Ачык асман», «Уран кенин казууга тыюу салуу» тууралуу мыйзамдарды демилгелеп чыккан.

 

«Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн бийликке билимдүү жаштардын тобу келип, адамдар менен күрөшпөй, система менен күрөшүп, башкаруу системасын колго алса мамлекеттин өнүгүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Учурда республикада 102 миң мыйзамдар, укуктук-ченемдик актылар бар, аларды бөлө келсек, бир адамга 102 миң эрежеден туура келет. Бул абдан көп, ар бир эреже тоскоолдукту жаратат. Демек, биз жарандарга шарт түзбөй эле, аларды чектеп жатабыз. Ошондуктан азыр мыйзамдарга инвентаризация жүргүзүү зарылчылыгы бар. Ал эми бул иштерди жасоого эски түшүнүктөгү азыркы саясатчылардын мүмкүнчүлүгү жетпейт.

Ошондой эле бири-бирин кайталаган кызматтар, кереги жок мамлекеттик ишканаларды жоюшубуз зарыл. Алар бюджетке зыян келтирип, чыгымдарга учуратууда же алган айлыгы жарытпайт. Ошондуктан кыскартууларга барып, мамлекеттин алы жетпей жаткан тармактарды жеке менчикке коркпой эле өткөрүп берүү керек”.

 

 Алтынбек Сулайманов