БИРБОЛ

Башкы бет Партиянын мүчөлөрү Бактыбек Алтымышов

БактыбекАлтымышов

ТАЛАПКЕР
Туулган күнү: 15.01.1989
Биография

Экономист, активист. Мамлекеттик кадр кызматынын уюштуруу иштери жана карьералык пландоо бөлүмүнүн башкы адиси болуп иштеген.

 

Бактыбек Алтымышов Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Согмент айылында туулган. 2006-2010-жылдар аралыгында Ош Мамлекеттик университетинен билим алган.

 

2013-2014-жылдар аралыгында Баткен шаарындагы "Бакай банк" ААКсында насыялык адис болуп эмгектенген. 2017-жылдан тарта КРнын Президенттик жана өкмөттүк иш башкармалыгында стаж өтөгөн.

 

2018-жылы Мамлекеттик кадр кызматында сырткы байланышты үйрөтүү бөлүмүндө башкы адистин милдетин аткаруучу болуп дайындалат. Ошол эле жылы Мамлекеттик кадр кызматынын уюштуруу иштери жана карьералык пландоо бөлүмүнүн башкы адиси болуп иштеген.

 

Мамлекеттик кадр кызматынын Ардак грамотасынын ээси. Коомдук иштерге активдүү катышат. Карантин убагында жардамга муктаж мекендештерге өз демилгеси менен колдоо көрсөткөн.

 

 

"Өнүгүү жолуна түшүү үчүн элге жеңилдетилген насыяларды берип, аз пайыздуу ипотекаларды көбөйтүү керек".

Бактыбек Алтымышов