БИРБОЛ

ЧынараКапарова

Талапкер
Туулган күнү: 17.05.1976
Биография

Көгүлтүр экрандын жүзү – популярдуу теле алып баруучу, медиаактивист, окутуучу, журналистика боюнча тренер, өлкөдөгү коомдук иштердин активдүү катышуучусу жана ыктыярчы. Чынара Капарова өлкөнүн негизги телеканалында саясий баяндамачы, редактор, алып баруучу катары таанылып, учурда коомдук иштер жана ЖОЖдордо окутуучулук менен ийгиликтүү алектенип келет. Коомдун аялуу катмарына көңүл бөлүп, кайрымдуулук иштерин да жүргүзүп турат. 

 

Чынара Капарова Нарын облусунда архитектордун үй-бүлөсүндө чоңойгон. Жоопкерчилик деген сапатты өспүрүм курактан эле карманып, орто мектепти артыкчылык аттестаты менен аяктаган. Ж. Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетин кызыл диплом менен бүтүргөн.

 

Эмгек жолун 1998-жылы Кыргыз телерадио корпорациясынын «Ала-Тоо» студиясында кабарчылыктан баштаган. Андан соң алып баруучу, баяндамачы, жаңылыктар кызматынын редактору болгон. Ошондой эле КРнын Президентинин, өкмөт башчысынын сапарлары ж.б. мамлекеттик иш-чаралар боюнча репортаждарды даярдап эфирге берип турган. КТРКдагы журналисттик ишмердиги учурунда Чынара Капарова Россиянын ОРТ жана Түркиянын ТРТ, Азербайжан, Казакстан мамлекеттик телевидениелеринде тажрыйба топтогон.

 

Көп жылдык журналисттик иш Чынара Капарованын элдин көйгөйү, өлкөнүн социалдык- экономикалык абалы менен жакындан тааныш болуусуна жана элдин үнүн эл башчыларына жеткирүүдө көпүрө болуусуна өбөлгө түздү.

 

Чынара Капарова жана жаштар! Бул  өзүнчө сөз кылууга татый турган тема. Келечек муунга билим берүү жана келечектеги журналисттерди, медиа өкүлдөрүн тарбиялоодо өз салымын кошуп келет. 2014-жылдан бери телевидениедеги ишин айкалыштыруу менен Ж. Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетинин ТРЖ кафедрасында, КТУ «Манас» университетинин коммуникация факультетинде, Б. Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинде окутуучу-тренер. Мындан сырткары 2019-жылдан бери КУУнун журналистика факультетинин деканынын орун басары, ага окутуучу.

 

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын аспиранты катары телевидение жана тележурналистика боюнча бир катар илимий макалалардын автору.

 

Журналисттик жана коомдук ишмердигинде ийгиликтерди жаратып көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон:

 

  • КРнын Президентинин «Жаш адистерди колдоо» стипендиясынын ээси (1998);
  • КРнын Ардак грамотасы, КРнын Президентинин «Телекөрсөтүү жана радио уктуруу жагындагы сиңирген эмгеги үчүн» сыйлык (2010);
  • КРнын Маданият жана маалымат министрлигинин «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси (2010);
  • КТРК «КТРК отличниги» төш белгиси (2009);  КТРКнын «Ардак грамотасы» (2008);
  • КТРК «Жылдын мыкты алып баруучусу» (2009-2010);
  • «Замандаш» ассоциациясынын «Жылдын мыкты диктору» сыйлыгы (2010);
  • «Жетиген» коомдук журналынын «Жыл мыктысы» сыйлыгы (2011);
  • «Кыргыз тили» коомунун «Ыйык тил» төш белгиси (2012);
  • КРнын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы (2016);
  • Ж. Баласагын атындагы КУУнун «Ардак грамотасы» (2017)

 

«Менин башкы максатым элимдин бакубат жашоосу үчүн кызмат кылуу. Ишмердигимдин дээрлик 50%ы жаштарга билим берүүгө арналган. Мамлекетибизде түзүлгөн кырдаалдан билимдүү, жаңыча ой жүгүрткөн, өлкөнүн өнүгүшү үчүн өзгөчө идеяларды сунуштап, аларды ишке ашыра ала турган жаңы жүздөр жана өз тармагынын тажрыйбалуу, кесипкөй адистери алып чыгып кете аларына ишенем».

 Чынара Капарова