БИРБОЛ

Башкы бет Партиянын мүчөлөрү Дилшат Нажмидинов

ДилшатНажмидинов

ТАЛАПКЕР
Туулган күнү: 03.05.1979
Биография

Кесиби боюнча юрист, ишмердигинин көп жылдары ички иштер органдарында өткөн. Экономикалык кылмыштуулукка жана жемкорлукка каршы күрөш багытында тажрыйбалуу опер өкүл.

 

Дилшат Гуломжонович 1979-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда карапайым дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.

 

1996-жылы А.С.Макаренко атындагы №1 орто мектепти аяктаган соң Кыргыз-Өзбек жогорку колледжине тапшырып, Административдик-укуктук ишмердүүлүк адистигин алып чыккан. 1999-жылы орто звенодогу юрист дипломуна ээ болуп, ошол эле жылы Кыргыз-Өзбек университетинин Юриспруденция адистигине тапшырган.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Ички аскерлеринин атайын багыттагы отрядында аскердик милдетин өтөгөн.

 

Эмгек жолун алгач Аламүдүн райондук ИИБинде милиция кызматкери, андан соң Чүй облусуна караштуу Москва райондук ИИБинде аймактык тескөөчү болуп иштеп баштаган.

 

2006-жылы Москва райондук кылмыш иликтөө бөлүмүндө опер өкүл, 2007-жылы Бишкек шаардык Октябрь райондук ИИБинин экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүүнүн опер өкүлү болгон. Кийин Бишкек шаардык ИИБинин, аталган башкармалыктын жемкорлукка каршы күрөшүү башкармалыгынын ага опер өкүлү болуп иштеген. 2011-жылга чейин Бишкек ШИИБинин кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам анализ жүргүзүү бөлүмүндө опер өкүлү болуп эмгектенген.

 

Дилшат мырза 2010-жылы Экономикалык кылмыштарга жана жемкорлукка каршы күрөшүү башкармалыгында ага опер өкүлү, 2015-жылга чейин Биринчи Май райондук башкармалыгынын тескөөчүсү болгон.

 

Ал 2017-жылдын 11-ноябрынан бери “Партнёрство во благо” коомдук фондунун директору. Аталган фонд калктын аялуу катмарына жардам берүү менен алектенип келет.

 

Өлкөнүн ички иштерине кошкон салымы үчүн, бир катар Ардак грамоталар менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

 

“Көп жылдар бою укук коргоо органдарында эмгектендим. Милиция кызматкерлеринин жашоо шартын оңдоо, адилет иш алып баруусу үчүн шарт түзүү зарылчылыгы турат. Милицияга жетекчилер, прокуратура тараптан басымды жок кылуу керек”.

 

Дилшат Нажмидинов