БИРБОЛ

Башкы бет Партиянын мүчөлөрү Дүйшөн Төрөкулов

ДүйшөнТөрөкулов

ТАЛАПКЕР
Туулган күнү: 18.08.1981
Биография

“Ак-Ордо” коомдук бирикмесинин, түштүк регионалдык Эр күрөш федерациясынын төрагасы Дүйшөн Төрөкулов айрым социалдык маселелерди көтөрүп, өз демилгеси менен чечип келет.

 

Ал Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Октябрь айылында төрөлгөн.

 

2009-жылы Баткен облусундагы Экономика, технология жана укук институтунун педагогикалык факультетин аяктаган. 2012-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтунун юридикалык факультетин бүтүргөн.

 

Алгачкы эмгек жолун 2000-жылы Кара-Суу шаарындагы “Кыргыз соода биримдиги” ишканасынын текшерүүчүсү, коопсуздук кызматында иштеп баштайт. 2007-2009-жылдар аралыгында “Лизарленд” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору болгон.

 

2009-2012-жылдары Баткен бажысынын инспектору, 2012-жылы Ош бажысынын ага инспектору, ошол эле жылы Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы болуп иштеген. 2016-жылдан баштап “Ак-Ордо” коомдук бирикмесинин төрагасы болуп дайындалган.

 

2017-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышында “Бир Бол” саясий партиясынан депутат болгон.

 

Дүйшөн Төрөкуловдун демилгеси жана колдоосу менен Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүндөгү Октябрь айылында мечит курулган.

 

КРнын Бажы кызматынын 20 жылдык мааракесине арналган медаль, Ош шаарынын мэриясынын, Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

 

Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.