БИРБОЛ

Башкы бет Партиянын мүчөлөрү Екатерина Филаретова

ЕкатеринаФиларетова

ПАРТИЯНЫН МҮЧӨСҮ
Туулган күнү: 10.08.1988
Биография

Дипломат, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Төртүнчү саясий департаментинин 2-катчысы (Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү).

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде коррупциянын алдын алуу багытында тажрыйбасы бар.

 

2017-2018-жылдары – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протокол Департаментинин визиттер бөлүмүнүн 2-катчысы.

 

2014-2017-жж. – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протокол Департаментинин визиттер бөлүмүнүн 3-катчысы.

 

2014-ж. – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африка департаментинин атташеси.  

 

2012-2014-жж. – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаментинин аккредитация бөлүмүнүн атташеси.

 

2011-2012-жж. – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаментинин аккредитация бөлүмүнүн референт-катчысы.

 

2010-2011-жж. – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаментинин аккредитация бөлүмүнүн стажёру.

 

2009-жылдын январь айы – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык-укуктук департаментинде өндүрүш практикасынан өткөн.

 

2010-жылдын январь айы – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык-укуктук департаментинен диплом алдындагы практикадан өткөн.

 

2005-2010-жж. – Кыргыз-Россия Славян университетин эл аралык укук адистиги боюнча аяктаган.  

 

  • Кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн КРнын ТИМинин Ардак грамотасы жана ыраазычылык каттары менен сыйланган;  

 

  • Иш-чараларды иштеп чыгууга жана жогорку деңгээлде өткөрүүгө кошкон салымы үчүн КРнын Президентинин кеңешчисинен, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Ыйгарым укуктуу элчисинен, КРнын Жогорку Сотунун төрагасынан жана КРнын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынан ыраазычылык каттарын алган;

 

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен «Кыргыз Республикасында ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги кеңешмесине (Бишкек шаары, 2012-жылдын 4-5-декабры) даярдык жана ийгиликтүү өткөрүүгө кошкон салымы үчүн» Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан ыраазычылык жарыяланган;

 

  • Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругу менен «Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан саат менен сыйланган.

 

  • Патриарх Кириллдин Кыргызстанга визитин ийгиликтүү өткөрүүгө кошкон салымы үчүн Орус православ чиркөөсүнүн мааракелик медалы менен сыйланган.

 

Орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөйт.