БИРБОЛ

ЭсенбекАрзиев

ТАЛАПКЕР
Туулган күнү: 08.08.1974
Биография

Тиш доктур, биология мугалими, жеке ишкер.

 

Эсенбек Арзиев Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун азыркы Эркин айылында (мурда Жданов деп аталчу) туулган. Атасы Киров атындагы колхоздо айдоочу, кийин ошол эле айылда бригадир, апасы ашпозчу болуп эмгектенишкен.

 

1991-1994-жылдары Жалал-Абад шаарындагы медициналык окуу жайынан билим алып, тиш дарыгери кесибине ээ болот. 1994-жылдан 1999-жылга чейин Кара-Суу райондук ооруканасынын тиш дарылоо бейтапканасында иштеген.

 

  • 1999-2007-жылдар аралыгында Кытайдан товар ташып, "Кара-Суу базарында" сатуучулук менен алектенген.
  • 2007-жылы Ош шаарындагы Педагогикалык институтунун биология факультетине тапшырып, 2011-жылы аяктаган.
  • 2007-жылы “Азия пласт” ЖЧКсын негиздеген. Анда 40тан ашуун жумушчу орундарын түзүп, миллиондогон салыктарды төлөгөн.
  • 2010-жылы “Азия курулуш компани” аттуу ишкананы түптөгөн.
  • 2016-жылы Ош шаардык кеңешине “Бир Бол” партиясынан талапкер болуп депутаттыкка шайланган.