БИРБОЛ

Башкы бет Партиянын мүчөлөрү Эсенкул Момункулов

ЭсенкулМомункулов

ТАЛАПКЕР
Туулган күнү: 17.11.1978
Биография

Саясат таануучу, юрист, Инвестицияларды өнүктүрүү боюнча агенттиктин мурунку жетекчиси. Мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеген.

 

Эсенкул Момункулов Жалал-Абал облусуна караштуу Токтогул районундагы Терек-Суу айылында туулган. Германиядагы Гейдельберг университетинен, АКШнын Миннесота штатындагы илимий изилдөө жогорку окуу жайынан билим алган.

 

2011-жылы КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын аймактык башкармалык жана уюштуруу-инспектордук иштер бөлүмүндө эксперт, 2013-жылы КРнын Президентинин аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкармалык жана кадрдык иштер  бөлүмүндө эксперт, 2015-жылы өкмөт аппаратынын жетекчисинин коомдук кеңешчиси болгон.

 

Акыркы учурда ар кандай инвестициялык долбоорлор менен алектенип келүүдө.

 

“Мамлекеттик кызматтагылардын баары ишкерликти колдоп, бизнес-акыйкатчы менен иштеши керек. Бирок алар элдин эсебинен жашап жаткандарын унутуп калып жатат”.

 

Эсенкул Момункулов