БИРБОЛ

Башкы бет Партиянын мүчөлөрү Фарходбек Алимжанов

ФарходбекАлимжанов

ТАЛАПКЕР
Туулган күнү: 03.03.1988
Биография

“Бакай Стоун Групп” ЖЧКсынын экономикалык жана каржылык иштер, эл аралык байланыш боюнча координатору, коомдук ишмер, билим берүү, маданият жана медицина тармагындагы долбоорлорду каржылаган “Айбек Алимжанов” атындагы кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү. Аталган фонд тарабынан ишке ашырылган долбоорлор циклдүү мүнөз камтыйт. Бул программалар өнүгүү үчүн шарттарды түзүүгө, жаштарга билим берүүгө багытталган. 420дан ашуун бала окутулуп, алардын 300дөн ашууну бюджеттик негизде билим алышты.

 

Жогорку билимди Ош мамлекеттик университетинен алып, экономист кесибине ээ болот. 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынан “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” бөлүмүндө магистратурасын жактаган.

 

Ал 2005-2008-жылдар аралыгында “Бакай-Түштүк” ЖЧКсында менеджер, 2008-жылдан 2018-жылга чейин директор болгон. Кийин “Ак Кайың” ЖАКында директорлук кызматты аркалайт. 2019-жылы “Агротерминал Сибирь” ЖЧКсын негиздеген.

 

Чоң энеси Алимжанова Арафатхон Мирадиловна – Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими. 6 жолу Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп, коомдук жана саясий турмушка активдүү катышкан.

 

Ишкер Фарходбек Алимжанов пандемия убагында “Шарк” колхозунун тургундарына “Тез жардам” унаасын өз каражатына сатып берди.