БИРБОЛ

Башкы бет Партиянын мүчөлөрү Гүльнура Торалиева

ГүльнураТоралиева

Талапкер
Туулган күнү: 08.06.1984
Биография

"Data Lab" компаниясынын жетекчиси, медиа эксперт, блогер, медиаактивист, Кыргызстандын эки премьер-министринин кеңешчиси, Өкмөттүн басма сөз кызматынын мурдагы жетекчиси (2015-2017-жж.), көптөгөн эл аралык уюмдарда, мамлекеттик органдарда, бизнес компанияларда жана бейөкмөт уюмдарда коммуникация жана коомчулук менен байланыш боюнча консультант болуп иштеп келген. Ошондой эле медиа өнүктүрүү боюнча, коомчулук менен байланыш, бизнес үчүн санарип стратегиялар боюнча, журналистика, маалыматтарды талдоо жана гендердик теңдик боюнча эл аралык тренингдерди өткөрүп турат. Мындан сырткары 500дөн ашык журналисттик жана академиялык публикациялардын, гендердик маселелердин ЖМКларда чагылдырылышы, медиа сабаттуулук жана фактчекинг боюнча окуу китептеринин автору. Ошол эле убакта 2010-жылдан бери Борбордук Азиядагы Америка университетинин журналистика факультетинин ага окутуучусу.

 

Коомдук саясат институтунун программаларын, Бишкек пресс-клубун жетектеп, Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча институттун Кыргызстандагы (IWPR) программаларынын координатору болгон. Мындан сырткары ВВС`нин Борбордук Азия боюнча Бүткүл дүйнөлүк фондусунун аймактык менеджери жана ОБСЕнин Бишкектеги академиясынын директору кызматын аркалаган. Мындан сырткары БААУнун (АУЦА) журналистика жана массалык коммуникация факультетинин деканы болуп иштеген. 2010-2011-жылдардагы популярдуу «Место под солнцем» реалити-шоусунун автору, алып баруучусу жана продюсери.

 

Министрлер кабинетинин башчысынын кеңешчиси кызматында Гүлнура Төралиева КРнын Өкмөтүнүн маалыматтык саясат маселелерин тескеп, «Ачык маалыматтар», «Ачык өкмөт» программаларын иштеп чыгуу жана жөнгө салуу иштерин көзөмөлдөгөн.

 

Россия Федерациясынын Илимдер академиясынын филология илимдеринин кандидаты даражасына жана City University London жогорку окуу жайынын илимий журналистика боюнча магистри даражасына ээ болгон, Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык мамилелер боюнча адиси. Ушул тапта Executive MBA IE Business School окуу жайында билим алууда.

 

«Мен үчүн өсүп келе жаткан муундун мүмкүнчүлүктөрүн ачуу, сөз эркиндиги үчүн, чынчыл жана бейтарап журналистика үчүн күрөш жашоодогу жогорку баалуулук жана максат болуп калды. Кайсы жерде иштебейин, жаштардын билимине көңүл бурууга жана ЖМКны колдоого көңүл бурууга аракет кылдым. Ошондой эле мен мамлекеттик органдардын ачык-айкындыгы үчүн өз үнүмдү кошуп келем, анткени бул паракорлуктун алдын алуу үчүн негиз болуп саналат. Бүгүнкү күнү мага элдин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылуу, алардын милдеттери жана укуктарын коргоо, баалуулуктарды бөлүштүрүүдө акыйкаттыкты камсыздоо, билим алууну, саламаттыкты сактоо жана адилет сот тутумун жеткиликтүү кылуу маанилүү болуп саналат».

Гүлнура Төралиева