БИРБОЛ

Башкы бет Партиянын мүчөлөрү Мирбек Асангариев

МирбекАсангариев

Талапкер
Туулган күнү: 26.08.1982
Биография

Социалдык ишкер, ден соолугунунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн биринчи жана инклюзивдүү «Bridges» мейманканасынын негиздөөчүсү. Бул 4 жылдыздуу отель Бишкек шаарында жайгашкан.

 

2005-жылы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаштарды жумуш орундары менен камсыздаган «Бишкек Мебель» социалдык ишканасын негиздеп, жергиликтүү рынокто ийгиликтүү оюнчу болууга жетишти.

 

Социалдык ишкер катары Асангариев Кыргызстандын социалдык ишкерлер ассоциациясын түзүүнү чечкен, ал ушул кезге чейин 2000 жаш лидерди даярдап, 100дөн ашык социалдык стартаптар ишке ашырган.

 

Мирбек ошондой эле 2012-жылы Бишкек шаардык кеңешине шайлоолорго катышкан «За жизнь без барьеров» партиясынын негиздөөчүсү жана лидери. Мындан сырткары 2013-2015-жж. «Реформа» либералдык саясий партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана төрагасы.

 

2002-2010-жылдар аралыгында «Мүмкүнчүлүгү чектелген жаштардын кыймылы» коомдук бирикмесин негиздеген жана жетектеген. Бул уюм ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын кызыкчылыгын көздөй турган мыйзамдардын жана өкмөттүк программалардын кабыл алынышына ийгиликтүү салым кошуп, Кыргызстандагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укугу жөнүндө БУУнун Конвенциясын кабыл алууда алдыңкы ролду ойногон.

 

Мирбек Асангариев Борбордук Азиядагы Америка университетинин иштиктүү администрациялоо боюнча магистрдик даражасына (2017) жана КРнын ИИМинин академиясынын укук боюнча бакалавр даражасына ээ (2005). Ошондой эле 2008-жылы Польшада өткөн «Адам укуктарын коргоо боюнча Хельсинки фондунун» адам укуктарын коргоо эл аралык жогорку курстарынын, Япония, АКШ, Финляндиядагы билим берүү программаларынын бүтүрүүчүсү.

 

Менин өлкөгө көз карашым: «Кыргызстан – кардарларга багытталган хаб жана Борбордук Азиядагы либералдык оазис».

 Мирбек Асангариев