БИРБОЛ

НурбекМурашев

ТАЛАПКЕР
Туулган күнү: 03.11.1975
Биография

Мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүндө 30дан ашуун мыйзам долбоорлорун демилгелеп чыккан, экстремисттик аракеттерге, терроризмге каршы, адам сатуунун алдын алууга, калктын радиациялык коопсуздугу, коомдук саламаттыкты сактоо, мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдардын кабыл алынышына демилгечилерден болгон.

 

Нурбек Мурашев Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районундагы Сакалды айылында туулган. Жогорку билимди Ош технологиялык университетинен алган.

 

Эмгек жолун 1997-жылы “Агро-Эсеп” аудитордук фирмасында алдыңкы адис болуп иштеп баштаган. Бир жылдан кийин “Мур-Ашим” айыл чарба кооперативинин жетекчиси болот. Аталган кооперативди 10 жыл жетектеп, 2010-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын милдетин аткарган.

 

4 жылдан кийин Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылыштарына катары менен депутат болгон. Жогорку Кеңештин депутаты катары эскилиги жеткен орто мектептерди оңдоо үчүн керектүү жабдыктарды алып берүү, оорукана, бала бакча, спорттук комплекс, маданият үйлөрүн оңдоого мамлекеттин каржысы аркылуу жардамдашууга көмөк көрсөткөн.

 

2017-жылы айыл чарба, мелиорация жана тамак-аш өнөр жайы министри болуп дайындалган. Нурбек Мурашев кызматта турганда үлүш жерлерге көп жылдык мөмө-жемиш бактарды өстүрүүгө уруксат берген мыйзам долбоору ишке ашырылган.

 

“Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан, “Бир айыл – бир азык” идеясын кеңири жайылтуу зарыл. Бул үчүн ар бир айылга өзүнүн жер шартына жараша дыйканчылык, багбанчылык, мал багуу сымал багытты тандап алуусу сунушталат. Өндүрүлгөн азыкты сатууга жана чет өлкөлөргө экспорттоого шарт түзүлүшү керек. Мындан сырткары мамлекеттик-жеке өнөктөштөр тарабынан ар бир айыл өкмөткө бирден айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишкана жана бирден 1000 тонналык муздаткычтарды курууга шарт түзүү. Чет жерден келген көчөттөрдү бажыдан өткөрүүдө жана алгачкы жылдары салык төлөмдөрүнө жеңилдик берүү зарылчылыгы турат”.

 

Нурбек Мурашев