БИРБОЛ

Башкы бет Партиянын мүчөлөрү Нурсултан Кубанов

НурсултанКубанов

ТАЛАПКЕР
Туулган күнү: 20.11.1992
Биография

Нарын шаарында туулган. «Perspective» билим берүү борборлорунун түйүнүн негиздеген. 

 

Кыргызстандагы Ишкерлердин эл аралык ассоциациясынын өкүлү. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин экс-кеңешчиси. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы жаштар конгрессинин координатору. 

 

2008-жылы Нарын шаарындагы Матен Сыдыков атындагы орто мектепти, 2010-жылы борбордогу К. Карасаев атындагы БГУнун алдындагы лицейди аяктаган. 

 

Жогорку билимдүү. 2014-жылы Ж. Баласагын атындагы КУУну аяктаган. 2011-2012-жылдары Кытайдагы Central China Normal University тил курстарынан өткөн. Андан кийин ошол эле Кытайдагы Lanzhou Univeristy окуу жайынан билим алган.

 

Нурсултан 2019-жылы Малайзиядагы Statford Academy окуу жайынан билим алган.

 

2016-жылы Кыргызстан боюнча, ошондой эле Алматы, Ташкент жана Москвада билим берүү борборлорунун түйүнүн негиздеген. Борборлордо 2000 студент жана мектеп окуучулары билим алышкан. Анын колдоосу менен Кыргызстандын 100 студенти Япония, Малайзия, Германия, Чехия, Польша жана Кытайдын алдыңкы университеттерине өтүшкөн. 

 

2019-жылы Ош жана Каракол шаарларында IT-академияларынын түйүнүн ачкан. 2020-жылдын ноябрь айында Cyberteck Америкалык системасы боюнча Бишкекте инновациялык IT HUB ачууну пландоодо. 20дан ашык өлкөдө болуп, алдыңкы өлкөлөрдүн билим берүү системаларын талдаган. Студенттерди жана окуучуларды окууга жөнөтүү үчүн дүйнөнүн алдыңкы ЖОЖдору менен келишим түзгөн. 

 

«Менин максатым Кыргызстандын билим берүү системасына тарыхта бурулуш жасай турган салым кошуу болуп саналат».

 

Нурсултан Кубанов