БИРБОЛ

Башкы бет Партиянын мүчөлөрү Рамис Мамбеталиев

РамисМамбеталиев

ТАЛАПКЕР
Туулган күнү: 11.10.1983
Биография

“Кумтөр” ишканасынын профсоюздар уюмунун төрагасы Рамис Мамбеталиев жетекчи катары аталган ишкана кызматкерлеринин мыйзамдуу укугун жана кызыкчылыктарын коргоодо бир топ алгылыктуу иштерди жаратып келет.

 

1983-жылы 18-октябрда Талас облусунун Талас районунуна караштуу Арал айылында мугалимдердин үй-бүлөсүндө туулган. Орто мектептин босогосун 1990-жылы К.Нанаев атындагы Арал орто мектебинен аттап, 1999-жылга чейин билим алган.

 

2000-2001-жылдары Талас районунун Ак-Сай айылында физика-математика багытындагы лицейин аяктаган. Лицейде жүргөн кезинде информатика боюнча райондук жана облустук деңгээлде олимпиадада башкы орундарды ээлеген.

 

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин академик Ү.Асаналиев атындагы Тоо-кен иши жана тоо-кен технологиялар институтуна тапшырып, 2006-жылы инженер геолог адистигине ээ болот. 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында магистрант даражасына ээ болгон.

 

2004-2005-жылдар аралыгында “Кумтөр Голд Компани” ишканасына миңдеген студенттердин арасынан практика өтүү үчүн конкурстун негизинде тандалып алынган. 

                                                                                                               

2006-2008-жылдары “Кумтөр Голд Компани” ишканасында катардагы инженер-геолог болуп кызмат өтөөдөн баштаган. 2008-жылы “Кумтөр Голд Компани” алтын кенине кызматтагы жетишкендиктери жана жоопкерчиликтүү иши үчүн бөлүм башчылыгына дайындалып, 2014-жылы “Кумтөрдүн”  ишканасынын Профсоюз уюмуна төраганын орун басары болуп шайланган. 2016-жылы Профсоюз уюмунун кезексиз шайлоосунда, 2 миң 700 жумушчунун 70% добушу менен жеңип  чыгып, төрагалыкка көрсөтүлгөн. 2019-жылы кезектеги шайлоодо, дагы бир ирет 94% добуш менен Профсоюз уюмуна төрага болуп шайланып, бүгүнкү күнгө чейин эмгектенип келүүдө.

 

Кызмат учурунда үзүрлүү эмгеги үчүн ар кандай мамлекеттик органдар жана Борбордук профсоюз комитети тарабынан көптөгөн Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары менен сыйланган.