БИРБОЛ

РусланАкматбек

ТАЛАПКЕР
Туулган күнү: 04.03.1977
Биография

Ишкерлерге жардам берүү, кичи жана орто ишканалардын жүгүн жеңилдетүү, жарандык коомду өнүктүрүү, сөз эркиндигин коргоо маселелери Руслан Акматбектин ишмердигинин негизин түзөт. Мындан сырткары «Марал» радиосунун башкы директору болуп иштеп, өлкөнүн өнүгүүсү сөз эркиндигинен башталарын пропагандалап келет.

 

Руслан 43 жашта. Чолпон-Ата шаарында инженердин үй-бүлөсүндө чоңойгон. 9-класска келгенде Түркияда билим алуу үчүн жарыяланган сынактан өтүп, орто мектепти Түркиянын Болу шаарында аяктаган.

 

Жогорку билимдүү, Стамбул университетинен экономист кесибине ээ болуп чыккан. Иш тажрыйбасын студент кезинде эле баштап  гезит тараткан, котормочулук менен алектенген, эл аралык компанияда парт-тайм иштеген. Коомдук иштерге аралашып Стамбулдагы кыргыз студенттер союзунун төрагасы болгон. Ал жактагы мекендештер үчүн иш-чараларды уюштуруп, Түркияга жаңы келген студенттерге жардам берүүгө катышкан.

 

2001-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУда укук боюнча магистр даражасына ээ болгон. Ошол эле убакта университеттин алдындагы аскердик кафедрага катталып, ал жерден запастагы офицер наамын алган.

 

2003-жылы чет элдик компаниянын сунушу менен Москва шаарында 2 жыл иштеген. Мигрант катары мекендештердин Орусиядагы жашоо турмушуна күбө болуп, сыртта жүрүп Кыргызстанда көп нерсе туура эмес жасалып жатканына көзү жеткен. «Жакшы болсо калың журт талаалабайт эле», - дейт Руслан Акматбек.

 

2006-2008-жылдары Кыргызстандын жеке секторунда, ишканаларда жетекчи болуп иштеген. Андан соң КРнын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча малекеттик комитетинин төрагасынын кеңешчиси болгон. «Бирок, чын айтканда, мамлекеттик кызмат мага жаккан жок. Жеке сектордон кескин түрдө айырмаланат экен. Ошондон улам 1 жылдан кийин өз каалоом менен арызымды жазып кеттим», - деп эскерет.  

 

2009-жылы Жаш ишкерлер ассоциациясына аткаруучу директор катары дайындалган. Жыл бою ишкерлерге жардам берип, ишкердикти, экономиканы өстүрүүгө аракет кылып жакшы натыйжаларга жетишкен. 24 мүчө менен башталган уюм 1000 ишкерге жетип, өкмөт, жарандык коом, ММК жана аймактардын катышуусу менен бир топ долбоорлор ишке ашырылып, өзгөчө кичи жана орто ишканалардын жүгүн жеңилдеткенге аракеттер жасалган. Бизнес ассоциациядагы ишмердигинин алкагында АКШ, Европа, КМШ, Азия өлкөлөрүнүн бизнес чөйрөсү менен байма-бай кызматташып, Жапония, Түркияда бизнес башкаруу курстарынан өткөн.

 

2017-жылы "Марал" радиосунда Башкы директор кызматын аркалай баштаган. Өнүгүү сөз эркиндигинен башталарын так баамдаган жетекчи медианын агартуучулук ролуна өзгөчө маани берип, мамлекеттүүлүктү, жарандык коомду, демократиялык баалуулуктарды медианын жардамы менен түптөп, жайылтып, бекемдесе болот деген пикирдин айныгыс жактоочусу болду.

 

КРнын Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин мүчөсү Руслан Акматбек 2020-жылы Индияда бизнес долбоор баштап, Дели шаарында 3 ай жашаган.  

 

«Коронавирус пандемиясы башталар алдында өлкөмө кайтып, акыркы кейиштүү окуялардын баарын жон терим менен сездим. Кескин түрдө өзгөрүү жасабасак, мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алабыз деп, саясатка аттандым. Себеби өлкөнүн жетекчилери өзүнө гана ыңгайлуу жашоо, өздөрүнө гана болгон эркиндикти таанышат экен. Бийликти бергиси жок. Бирок алардын азабын бүтүндөй 6 миллион эл тартарын көрдүк».

 

 Руслан Акматбек