БИРБОЛ

Башкы бет Партиянын мүчөлөрү Шаирбек Маматокторов

ШаирбекМаматокторов

Талапкер
Туулган күнү: 03.04.1973
Биография

Double Art Production компаниясынын жетекчиси, саясий аналитик жана медиа эксперт, эркин журналист – көптөгөн публикация, макалалардын автору, бир катар саясий жана коомдук теледебаттардын катышуучусу, 2011-2012-жылдары Жогорку Кеңештин пресс-кызматынын жетекчиси болгон, конституциялык кеңешменин мүчөсү жана КРнын Конституциясынын 8-редакциясын иштеп чыккандардын бири, Кыргыз Республикасында өкүлчүлүгү жайгашкан эл аралык жана бизнес компаниялардын коомчулук менен байланыш боюнча консультанты, спорттук баяндамачы жана улуттук телевидениеде комментатор, КРнын Снукер федерациясынын башкы машыктыруучусу жана Европа Снукер ассоциациясынын профессионал категориясынын ээси.

 

Саясий карьерасын 1998-жылы КРнын Парламентинин депутатынын жардамчысы болуп баштаган. 2002-жылдан баштап КРнын Акыйкатчысынын аппаратында беш жылдан ашык иштеп аялдардын, балдардын жана аскер кызматчыларынын укугун коргогон. 2003-жылы Шаирбек Жусуевич биринчилерден болуп Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы туурасында Литванын парламентинде доклад окуган. 2004-жылы эл аралык прессада ("Немецкая Волна" басылмасы) кулчулукка кабылды деп жарыяланган аялдарды бошотууга катышкан.

 

2010-жылы «Эркин Кыргызстан» партиясынын лидери катары Конституциялык кеңешменин мүчөсү болуп, Баш мыйзамдын 8-редакциясын иштеп чыгууга катышкан. Андан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппаратынын пресс- кызматынын жетекчиси болгон.

 

Португалияда профессионал машыктыруучулук курстарында профессионал квалификациядан өткөн. Европалык бильярд спорту ассоциациясынын жана профессионал бильярд спортунун Дүйнөлүк ассоциациясынын машыктыруучусу квалификациясын алган.

 

Шаирбек Маматокторов юридикалык билимге ээ, 2011-жылы ИСИТОну аяктаган. Учурда КРнын Дипломатиялык академиясынын магистратурасында билим алууда.

 

2013-2014-жылдары «Ош ТВнын» башкы директору кызматына келген. Андан кийин эл аралык «Аврупа» телеканалында иштеген (Анкара, Түркия).

 

2012-жылы Кыргызстандын Снукер федерациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. Ушул кезге чейин өлкөдөгү спорттун өнүгүүсүн пропагандалап келет. Федерация түптөлгөндөн бери анын башкы катчысы, президенти болгон, учурда башкы машыктыруучусу. Мыкты спортчуларды даярдап, алар эл аралык турнирлерге катышууга жетишти. 2016-жылы Кыргызстан тарыхында биринчи жолу снукер боюнча спортчуну Бельгияда өткөн Дүйнөлүк чемпиондукка алып чыккан. 2017-жылы Борбор Азиянын тарыхында биринчи жолу снукер боюнча Азия чемпиондугун өткөрүп, Бишкекке дүйнөнүн 40тан ашык алдыңкы спортчулары келишкен.

 

Португалияда профессионал машыктыруучулук курстарында профессионал квалификациядан өткөн. Европалык бильярд спорту ассоциациясынын жана профессионал бильярд спортунун дүйнөлүк ассоциациясынын машыктыруучусу квалификациясын алган.

 

«Менин жашоодогу урааным – кайсы жерде болбосун мыйзамды сактоо жана коргоо! Саясат менен репутациясы таза адамдар алектенип, саясий, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга компетенттүү адамдар меритократиялык принциптер менен дайындалышы керек деген ойдун тарапташымын.

Парламент – бул олигархтар жана криминалдардын орду эмес! Парламент – байлардын балдары үчүн эмес! Парламент – бийликтегилердин билимсиз туугандары бара турган жер эмес! Парламент – элге жана шайлоочуларга кызмат кылган чыныгы реформаторлордун жана депутаттардын мыйзамдуу орду!»

 

  Шаирбек Маматокторов

Янв. 1, 1998
Янв. 1, 2002
Янв. 1, 2010
Янв. 1, 2013
Янв. 1, 2014
01.01.1998

КР Парламентинин депутатынын жардамчысы

1998

01.01.2002

Аялдардын жана балдардын укуктарын коргоочу

2002- 2007

01.01.2010

«Эркин Кыргызстан» партиясынын лидери

2010

01.01.2013

«Ош ТВнын» башкы директору

2013-2014

01.01.2014

Эл аралык «Аврупа» телеканалынын кызматкери

2014-2015