БИРБОЛ

Башкы бет Партиянын мүчөлөрү Темирбек Ажыкулов

ТемирбекАжыкулов

Член партии
Туулган күнү: 17.04.1979
Биография

Темирбек Ажыкулов 20 жылдан ашык убакыттан бери жеке сектордо иштеп ишкерликти өнүктүрүү, бизнес ассоциацияларды уюштуруу жана бизнести жаңыдан баштап жаткан ишкерлер үчүн тренингдерди өткөрүү аркылуу Кыргызстандагы ишкерлердин мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу менен алектенип келет.

 

2003-жылы Кыргызстандын Эл аралык университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган. Ал эми 2017-жылы Сингапурдун Ли Куан Ю атындагы Мамлекеттик башкаруу мектебинде магистратура даражасына ээ болгон.  

 

Карьерасын жол курулуш тармагында англис тилинен котормочу катары 2000-жылы баштаган. 2003-жылдан 2014-жылга чейин Темирбек Ажыкулов нефти жана газ тармагында иштеп, 2006-жылы австралиялык ири нефти компаниясы инвесторлук кылган Кыргызстандагы эң ири нефти ишканасын жетектеген. Компаниянын негизги ишмердиги Кыргызстандын түштүк аймактарына топтолуп, геологиялык чалгындоолор жүргүзүлгөн.

 

 

2014-жылдан баштап «ЖИА» бизнес ассоциациясында иштеп, курулуш тармагында мыйзамдарды өнүктүрүүгө жардам берген. 2017-жылы ассоциациянын башкармасынын төрагасы болуп, уюмду жаңы деңгээлге алып чыккан. Мындан сырткары Кыргызстандагы эң ири инвесторлордун башын бириктирген «Эл аралык ишкердик кеңеш» ассоциациясын жетектеп, бизнес маселеси жана мыйзамдарды жакшыртуу иштери менен алектенген.

 

Инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнестин кызыкчылыктарын коргоо боюнча миссиясын улантып, Темирбек Ажыкулов 2019-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү эң ири ишканалардын башы бириктирилип кайрадан түзүлгөн Агро өнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын жетекчиси болгон. Аталган ассоциациянын негизги миссиясы Кыргызстандын фермерлерин бириктирүү жана өлкөнүн экспорттук  мүмкүнчүлүгүн көбөйтүү болуп саналат.  

 

Коомдук ишмердик менен активдүү алектенип 2015-2017-жж. аралыгында КРнын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын коомдук башталыштагы кеңешчиси, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министринин коомдук кеңешчиси болгон.

 

Темирбек көп жылдардан бери жаш ишкерлер жана Кыргызстан ЖОЖдорунун студенттери арасында мастер-класс, тренингдерди өткөрүп келет.

 

«Өлкө ишкерликти өнүктүрүү, бюджеттин ачык-айкын жана эффективдүү бөлүштүрүлүүсү, акыйкат сот системасы, сөз эркиндиги жана адам укуктарын сыйлоо менен ийгиликке жетише алат. Мамлекеттин эң чоң байлыгы – бул адам! Ар бир жарандын мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү – мамлекеттин башкы максаты болушу керек».

 Темирбек Ажыкулов