БИРБОЛ

Башкы бет Партиянын мүчөлөрү Зарина Чекирбаева

ЗаринаЧекирбаева

Талапкер
Туулган күнү: 30.04.1980
Биография

Зарина Чекирбаева учурда Кыргызстандын 90дон ашык компанияларынын кызыкчылыктарын көздөгөн Кыргыз Республикасындагы Америка соода палатасынын (AmCham) аткаруу дирекциясын жетектейт. AmCham өз ишмердигинин жүрүшүндө бизнесмендер, саясатчылар жана инвесторлор үчүн өз ара пайдалуу чечимдерге жетишүү үчүн байланыштыруучу звено болуп саналат.

 

Зарина Чекирбаева Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын алдындагы бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңештин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңешинин активдүү мүчөсү, КРнын Бизнес-омбудсмен институтунун байкоочу кеңешинин туруктуу мүчөсү, бизнес-коомчулуктан «Таза коом» долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңештин, SOS-Балдар айылынын байкоочу кеңешинин, Бишкек эл аралык мектебинин (BIS) байкоочу кеңешинин, Борбордук Азиядагы Америка университетинин (АУЦА) Экономика жана бизнес мектебинин байкоочу кеңешинин, ошондой эле «ProKG» профессионалдар клубунун мүчөсү.

 

Зарина ошондой эле Борбордук-Евразия лидерлик альянсынын (CELA) Кавказ, Борбордук Азия, Ооганстан жана Монголия боюнча өнүктүрүү багытындагы аймактык жетекчиси, «Viva Tech» компаниясынын негиздөөчүсү, мындан сырткары масштабдуу эл аралык жана улуттук бизнес, билим берүү долбоорлорунун уюштуруучусу. Алтын кен өндүрүү тармагында, ар тармактык эл аралык институттарда чоң иш тажрыйбасы бар. Кыргызстандагы социалдык долбоорлорго активдүү катышып келет.

 

З.Чекирбаева «Келечектеги лидерлерди алмашуу» боюнча (FLEX) мектеп программасынын (Иллинойс штаты, АКШ), Азия-Тынч океан (APLP) лидерлик программасынын (Гаваи штаты, АКШ), Орто-Азия лидерлик альянсынын (Түркия), Ли Якокка институтунун жаш ишкерлер үчүн программасынын (Пенсильвания штаты, АКШ жана Неаполь шаары, Италия), Селигер форумунун (Тверь, Орусия), бизнес-ассоциациялар үчүн JICA (Япония) программасынын бүтүрүүчүсү.

 

Борбордук Азиядагы Америка университетинин Бизнести башкаруу областында бакалавр кум лауде (cum laude) даражасына (2002-жыл) жана Маноадагы Гаваи университетинин Мамлекеттик башкаруу областында магистр даражасына ээ.

 

«Менин мектебим» программасынын алкагында өзү аяктаган Нарын шаарынын №4 Э.Ибраев атындагы орто мектебинин 2013-жылдан бери мыкты деп эсептелген бүтүрүүчүлөрүнө жана алардын мугилимдерине акчалай стипендияларын тапшырып келет.