БИРБОЛ

Башкы бет Партиянын мүчөлөрү Жодар Сайдилканов

ЖодарСайдилканов

ТАЛАПКЕР
Туулган күнү: 17.01.1977
Биография

Ийгиликтүү ишкер, волонтёр, коомдук ишмер. Филиалдары Стамбулда, Казакстанда жана Өзбекстанда орун алган инжиниринг компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Компания ГЭСтер үчүн гидротехникалык жабдыктарды долбоорлоо жана монтаждоо менен да алектенет.

 

Жодар эл аралык технологиялык алдыңкы продуктуларды жана идеяларды Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча чоң тажрыйбага ээ. Жаш ишкерлер ассоциациясынын Башкармасынын мүчөсү.

 

Түркиянын Анкара шаарындагы Ататүрк Анадолу лицейинин бүтүрүүчүсү. Анкарадагы университетти «Бизнести башкаруу» багыты боюнча аяктаган. 2002-жылы Кыргызстанга кайтып келген. Казакстанда өзүнүн жеке инжиниринг компаниясын негиздеп, бул тармакта ушул күнгө чейин эмгектенип келет. «ProKG» профессионалдардын клубунун активдүү мүчөсү.

 

Борбор Азия институтунун Директорлор кеңешинин башкармасынын мүчөсү, ага акционердик уюмдардын жетекчилери үчүн корпоративдик башкарууну киргизүү ишмердиги кирет. 2016-жылы Беловодск айылында 30 орундук балдар үйүн курган жана ушул күнгө чейин аталган мекеменин демөөрчүсү. Жодар Сайдилканов чет элдик адабиятты кыргыз тилине которуу боюнча долбоорлорго катышып, мамлекеттик тилди жайылтуу менен кызуу алектенип келет.

 

Жодар Сайдилкановдун кесиптик тажрыйбасы курулуш тармагында долбоорлорду ишке ашыруу, имараттарды автоматтык башкаруу системаларын иштеп чыгуу жана киргизүү, кыймылсыз мүлккө капитал салуу, ошондой эле добуш берүүдө жана жарандардын биометрикалык катталуусуна электрондук системаны киргизүү багытында экени белгилүү. 

 

Мындан сырткары Жодар Сайдилкан 200 жумушчу орундун түзүлүшүн шарттаган чет элдик институционалдык инвестицияларды тарткан.

 

Үй-бүлөлү, төрт баланын атасы.

 

«Азыр жаш, аты булганбаган, келечек пландары терең акылдуу саясатчылар жок эмес. Алар байкап отура бергенден тажап, акыры парламентке кирүүгө бел байлап жатышат. Алар кандай гана партияда болбосун, бийликчилби же атаандашпы, эң негизгиси, жан аябай күрөшүп берүүгө даяр. Эрк менен күчтү топтоп, күчтүү команда аркылуу алты айдын ичинде реформаны ишке ашырса болот. Саламаттыкты сактоо тармагындагы реформа билим берүү жана фискалдык реформа менен бирге гана жасалышы зарыл».

Жодар Сайдилканов