БИРБОЛ

Башкы бет Партиянын мүчөлөрү Жоомарт Жолдошев

ЖоомартЖолдошев

Талапкер
Туулган күнү: 12.01.1982
Биография

Жолдошев Жоомарт Раимбердиевич 

 

Бизге жаңы муундагы, профессионалдык деңгээли бийик жана заманбап түшүнүк менен иштей ала турган юристтер керек. Жоомарт Жолдошевдин бул пикири анын юрист катары аталган тармакка өзгөрүүлөрдү киргизүү аракетинен кабар берип турат.

 

Жогорку билимдүү. 2007-жылы Ош Мамлекеттик юридикалык институтунун юридикалык факультетин аяктаган. 2018-жылы Улуу Британиядагы Королева Мариянын Лондон университетинде салыштырмалуу жана эл аралык талаштарды чечүү багытындагы укук боюнча магистр даражасын алган.

 

Атасы өрт өчүрүү кызматында, ал эми апасы милиция тутумунда иштегендиктен аскердик тартип менен Жоомарт кичине кезинен тааныш. Үй-бүлөлүк салтты бузбай 2003-жылы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн катарында аскердик милдетин өтөгөн. 2010-жылы Ош окуяларына байланыштуу Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн катарына мобилизацияланган.

 

Юрист катары карьерасын 2005-жылы «Росстрах-Кыргызстан» Камсыздоо компаниясында» баштаган. Андан соң «Aviation Fuel Service» ишканасында юрист болуп иштеген. Кийинчерээк «Кыргызстан» коммерциялык банкынын юридикалык бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, «Партнёр» юридикалык компаниясынын улук юристи болгон. 2011-жылы «Жомарт энд Ко» Эл аралык юридикалык компаниясын негиздеп, ушул кезге чейин анын директору.  2019-жылдан бери жер казынасын пайдалануу жана коммерция боюнча Бишкек Эл аралык бейтарап сотунун төрагасы.

 

Жыл сайын бүткүл дүйнөдөгү алдыңкы арбитрлардын жана юристтердин катышуусунда Борбордук Азия эл аралык арбитраждык конференциясын уюштуруп келет. Ошондой эле өзү дагы эл аралык арбитраж темаларында чыгып сүйлөп, талаштарды жөнгө салуу боюнча окуу курстарын жана семинарларды өткөрүп келет. Мындан сырткары жыл сайын Кыргызстанда өткөрүлүп келген Улуттук юридикалык форумдун негиздөөчүсү жана уюштуруучусу. 

 

Жоомарт үй-бүлөлүү, алты баланын атасы.

 

Сыйлыктары жана жетишкендиктери:

  • «Кыргызстандын юридикалык коомчулугу» коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү, Бишкек;
  • «Бишкек эл аралык жана салыштырмалуу укук борбору» коомдук фондунун негиздөөчүсү, Бишкек;
  • Улуу Британиянын арбитрлеринин Королдук институтунун мүчөсү (MCIArb);
  • Арбитр, Эл аралык бейтарап соту, Бишкек;
  • Арбитр, Азия эл аралык арбитраждык борбор (AIAC-KLRCA), Малайзия;
  • Арбитр, Циньчжоу арбитраждык комиссиясы, Кытай;
  • Арбитр, «South CIETAC» Түштүк Кытай эл аралык экономикалык жана соода арбитраждык комиссиясы, Кытай;
  • Арбитр, Талаштарды кароо боюнча борбор, Тбилиси шаары, Грузия;
  • Сертификатталган тренер, Адвокаттардын окуу борбору, Бишкек;  LCIA Жаштар эл аралык арбитраждык тобунун мүчөсү, Лондон;
  • ICC Жаштар арбитрлер форумунун мүчөсү, Париж;
  • Адвокаттардын эл аралык ассоциациясынын мүчөсү, Лондон;
  • «Кыргызстандын юристтери» ассоциациясынын мүчөсү, Бишкек.
  • Келечектеги лидерлер менен алмашуу программасынын жеңүүчүсү (FSA / FLEX), АКШнын Мамлекеттик департаменти;
  • Улуу Британиянын Тышкы иштер жана тилектештик иштери боюнча министрлигинин Чивнинг (Chevening) стипендиясынын ээси.

«Коомчулуктун соттук системага, ошондой эле моралдык маселелерде соттук системанын кадыр-баркына ишеними, соттук органдардын чынчылдыгы жана сатылбастыгы демократиялык коомдо башкы ролду ойнойт. Андыктан ар бирибиз сот органдарын кийлигишүүдөн, ар кандай таасирлерден, басым көрсөтүүлөрдөн жана саясий көзөмөлдөн бошотуп, ар бир сотко соттук органдардын көз карандысыздыгы принциптерин жүзөгө ашыруусуна шарт түзүүбүз керек. Жарандар биримдиктүү болуп, мыйзамдын коргоочулары экенин, ал эми соттор – мыйзамдын аткаруучусу гана экенинин эстен чыгарбашы керек», - дейт Жоомарт Жолдошев.

Янв. 1, 2010
Янв. 1, 2011
Янв. 1, 2019
01.01.2010

Старший юрист юридической компании «Партнер»

2010-2011

01.01.2011

Основатель юридической компании «Жомарт энд Ко»

2011  

01.01.2019

Председатель Бишкекского Международного Третейского суда по недрам и коммерции

2019