БИРБОЛ

Башкы бет Биздин программалар I. ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ

I. ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ

07.09.2020 19:26

I. Экономикалык өнүгүү

II. Эффективдүү мамлекеттик башкаруу

III. Сапаттуу билим берүү жана маданиятты жогорулатуу

IV. Сапаттуу жана жеткиликтүү саламаттыкты сактоо кызматы

V. Экологиялык коопсуздук жана жашыл экономика

 

Бул багыттардын баары төмөнкү талаптарды камтыйт:

 

A. Мыйзамдын үстөмдүгү

B. Адам укуктары жана гендердик тең укуктуулук

 

Коррупциянын айынан Кыргызстан жыл сайын 700 миллион доллар жоготот. Туура башкаруу аркылуу 5 жыл ичинде бул сумма бюджетке кошумча 3,5 миллиард доллар алып келиши мүмкүн. Ресурстарды туура пайдалануу аркылуу биз өлкөнүн бюджетин эң аз 2 эсеге көбөйтө алабыз. Биз эркин, атаандаш рынокту жана жеке ишкердикти өнүктүрүүнү жактайбыз.

 

 

БИР ҮЙ-БҮЛӨ – БИР ИШКЕР

 

 

  • Биз фискалдык отчёттуулук системасын жөнөкөйлөтүп, текшерүү органдарынын санын минимумга чейин кыскартабыз.

 

  • Каржы полициясын жоюп, Салык жана Бажы кызматтарын Мамлекеттик кирешелер комитетине бириктиребиз.

 

  • Фискалдык реформа жүргүзөбүз.

 

  • Социалдык төлөмдөрдү 27,5%дан 15%га чейин төмөндөтөбүз.

 

  • Кирешелер эмес, чыгашалардын негизинде салык салууну киргизебиз.

 

  • Жылдык айлануусу 8 миллион сомго чейинки чакан ишканаларды салыктан жана патенттен бошотобуз.

 

  • Салык жана бажы процедураларын маалыматтык-текшерүү технологиялары жана электрондук декларациялар аркылуу санарип форматына толугу менен өткөрөбүз. Бажылык тариздөөнү (растаможка) 90 секунд ичинде бүтүрүүгө жетишебиз.

 

  • 5000 кишиге чейинки чакан калктуу конуштарга инвестиция тартууга ылайыктуу инвестициялык климат түзүп беребиз жана 5 жылга чейин салык төлөөдөн бошотобуз.

 

  • Соода-өнөр жай палатасын өкмөттүн карамагынан чыгарып, көз карандысыздыгын камсыз кылып, Юстиция министрлигинин юридикалык  жактарды каттоо боюнча функцияларын ага өткөрүп беребиз.

 

 

КЫРГЫЗСТАН – ТУРИЗМДИН БЕЙИШИ

 

 

  • Мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүгү каналы аркылуу аба  майдандагы ишенимдүү башкарууну кадыр-барктуу эл аралык компанияларга өткөрүп беребиз.

 

  • "Даараткана төңкөрүшүнөн" баштап, бүткүл өлкө боюнча татыктуу инфраструктура түзөбүз.

 

  • Туристтик максаттагы эл аралык акча которууларга КНС салыгын жоёбуз.

 

  • Мейманкана, конок үйлөрү жана хостелдер үчүн кыймылсыз мүлк салыгын 1,6%дан  0,8%га чейин кыскартабыз.

Башка долбоорлор

СТРАТЕГИЯЛЫК ПЛАТФОРМАСЫ

УРМАТТУУ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР! 2020-жыл өлкөбүздүн ар бир жараны …

Кененирээк

I. ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ

I. Экономикалык өнүгүү II. Эффективдүү мамлекеттик башкаруу III…

Кененирээк

II. ЭФФЕКТИВДҮҮ МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ

Партия мамлекеттик башкаруу системасында төмөнкү багаттырга артыкчылы…

Кененирээк

III. АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖАНА КООПСУЗДУК

Сотторду тандоо кеңешине талапкер көрсөтүү жана шайлоо процедурала…

Кененирээк

IV. БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА МАДАНИЯТ

Сапаттуу билим берүү жана маданиятты өнүктүрүү – биздин партиян…

Кененирээк