БИРБОЛ

Башкы бет Биздин программалар II. ЭФФЕКТИВДҮҮ МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ

II. ЭФФЕКТИВДҮҮ МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ

07.09.2020 19:30

Партия мамлекеттик башкаруу системасында төмөнкү багаттырга артыкчылык берип, түп-тамырынан реформа жүргүзүүнү көздөйт:

 

       (а) административдик-аймактык реформа;

       (в) сервистик мамлекет концепциясын өнүктүрүү.

 

 

БИЙЛИКТИ РЕГИОНДОРГО КАЙТАРАБЫЗ

 

 

  • Райондорду чоңойтуп, облустарды, өкмөттүн аймактардагы туруктуу өкүлдөрүн жана акимдер институтун жоёбуз. Айылдык кеңеш тарабынан шайланган аймак башчысы – “болуш” кызматын киргизебиз.

 

  • Башкарууну борбордон алыстатабыз: билим берүү жана саламаттыкты сактоо жаатында жергиликтүү бюджетти түзүү ыйгарым укуктарын аймактарга өткөрүп беребиз.

 

  • Региондордун бюджеттеги үлүшүн 12%дан 50%га чейин жогорулатабыз. Муну менен күчтүү региондор салыктарды өз алдынча чогултуп, өздөрү башкара алышат.

 

  • Инвестициялык тендер өткөрүү ыйгарым укугун жергиликтүү бийликке беребиз.

 

  • Айыл чарба министрлигин оптималдаштырабыз, аны инновацияларды киргизүү жана мелиорация, сугат маселелери (сугат жерлерин көбөйтүү) боюнча адистишкен эффективдүү, компакттуу органга айлантабыз.

 

  • Айыл чарба кооперативдерине мамлекеттик колдоо көргөзүү программасын иштеп чыгабыз.

 

 

ЭЛГЕ ТАНДОО УКУГУН КАЙТАРАБЫЗ

 

Преференциалдык добуш берүүнү киргизебиз – шайлоочу бир гана партияны эмес, партиянын тизмесиндеги белгилүү бир талапкерди тандап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Шаар бышчыларын жарандардын өздөрү шайлоо мүмкүнчүлүгүн беребиз.

 

 

СЕРВИСТИК МАМЛЕКЕТ

 

 

  • Мамлекеттик органдардын функцияларына ар тараптуу анализ жүргүзүп, мамлекеттик чыгымдарды жана аппаратты оптималдаштырабыз.

 

  • Тандоонун так критерийлерин иштеп чыгуу менен мамлекеттик кызматтарга ачык  сынак аркылуу алынышын камсыз кылабыз. 

 

  • Электрондук кол коюуну ишке киргизип, мамлекеттик тейлөө кызматтарынын  70%ын онлайн режимге өткөрөбүз.

 

  • Мамлекеттик органдардын чыгымдарынын ачык-айкындыган камсыз кылуу жана жарандык коомдун көзөмөлү үчүн “Ачык өкмөт” платформасын колдойбуз.

 

  • Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын УКМКдан чыгарып, мүчөлөрүн парламенттин оппозициялык блогу шайлай турган Коррупцияга каршы кеңеш түзөбүз.

 

 

Башка долбоорлор

СТРАТЕГИЯЛЫК ПЛАТФОРМАСЫ

УРМАТТУУ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР! 2020-жыл өлкөбүздүн ар бир жараны …

Кененирээк

I. ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ

I. Экономикалык өнүгүү II. Эффективдүү мамлекеттик башкаруу III…

Кененирээк

II. ЭФФЕКТИВДҮҮ МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ

Партия мамлекеттик башкаруу системасында төмөнкү багаттырга артыкчылы…

Кененирээк

III. АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖАНА КООПСУЗДУК

Сотторду тандоо кеңешине талапкер көрсөтүү жана шайлоо процедурала…

Кененирээк

IV. БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА МАДАНИЯТ

Сапаттуу билим берүү жана маданиятты өнүктүрүү – биздин партиян…

Кененирээк