БИРБОЛ

Башкы бет Биздин программалар IV. БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА МАДАНИЯТ

IV. БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА МАДАНИЯТ

07.09.2020 19:45

Сапаттуу билим берүү жана маданиятты өнүктүрүү биздин партиянын социалдык саясатынын башкы багыты. Өлкөнүн жана ар бир жарандын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү билимге байланыштуу. Биз Кыргызстандын PISA рейтингинде татыктуу орунду ээлеши үчүн, билим берүүнүн сапатын жакшыртуу жана мугалимдердин статусун эл аралык мыкты стандарттар деңгээлине көтөрүү үстүндө иштемекчибиз.

 

БИЛИМДҮҮ УЛУТ – ИЙГИЛИКТҮҮ ӨЛКӨ

 

  • Биз “акча таланттуу окуучуну ээрчийт” принциби боюнча ваучердик каржылоо системасын киргизебиз, анда ар бир окуучу өзү тандаган мектепте же университетте билим алууга жумшай турган билим берүү ваучерин ала алат.

 

  • Көзөмөлдөөчү кеңеш аркылуу ата-энелерге жана мугалимдерге мектеп директорлорун жеке өздөрү дайындаганга мүмкүнчүлүк беребиз.

 

  • Англис тили жана программалоо сабактарын 1-класстан баштап киргизебиз.

 

  • Өлкөдөгү бардык мектептерди интернет, канализация жана ысык суу менен камсыз кылабыз.

 

  • Медициналык кызматкерлердин, мугалимдердин жана окутуучулардын айлык акысын эки эсеге көтөрөбүз.

 

  • Маданият жаатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк инвестицияларын тартабыз.

 

  • Маданият жана искусство жаатындагы кесиптик билим берүүнү колдоо менен маданий элитаны жандандырабыз.

 

  • Кыргыз тилиндеги басмаканаларды салыктан бошотуу менен тилди кеңири жайылтуу боюнча иш-чараларды күчөтөбүз. 

Башка долбоорлор

СТРАТЕГИЯЛЫК ПЛАТФОРМАСЫ

УРМАТТУУ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР! 2020-жыл өлкөбүздүн ар бир жараны …

Кененирээк

I. ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ

I. Экономикалык өнүгүү II. Эффективдүү мамлекеттик башкаруу III…

Кененирээк

II. ЭФФЕКТИВДҮҮ МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ

Партия мамлекеттик башкаруу системасында төмөнкү багаттырга артыкчылы…

Кененирээк

III. АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖАНА КООПСУЗДУК

Сотторду тандоо кеңешине талапкер көрсөтүү жана шайлоо процедурала…

Кененирээк

IV. БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА МАДАНИЯТ

Сапаттуу билим берүү жана маданиятты өнүктүрүү – биздин партиян…

Кененирээк