БИРБОЛ

Башкы бет Биздин программалар СТРАТЕГИЯЛЫК ПЛАТФОРМАСЫ

СТРАТЕГИЯЛЫК ПЛАТФОРМАСЫ

07.09.2020 18:32

УРМАТТУУ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР!

2020-жыл өлкөбүздүн ар бир жараны үчүн чоң сыноо жылы болду. Пандемия учурдагы мамлекеттик системанын заманбап талаптарга жооп бере албай турганын жана өлкөнү түп-тамырынан бери өзгөртүүчү реформалар керектигин көрсөттү. Партиябызда олуттуу орун алмашуулар болду жана толугу менен жаңыланды.

Биз жоопкерчиликтүү лидерлер партиясы катары Жогорку Кеңешке орчундуу өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, Кыргызстанга татыктуу кызмат кылууга шайлоочулардын кызыкчылыктарын көздөөгө даяр кризис-менеджерлердин, жаңы, компетенттүү адамдардын келишин камсыз кылуу үчүн шайлоого бара жатабыз.

 

 

КӨЗ КАРАШ:

 

 

КЫРГЫЗСТАН – бул:

 

   Социалдык багыттагы, укуктук, демократиялык, светтик мамлекет.

 

•    Бирдей укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон эркин жарандардын өлкөсү.

 

•  Эң  башкы баалуулугу жарандарды, алардын жашоосун, ден соолугун, кадыр- баркын, укуктарын жана эркиндигин коргогон өлкө.

 

• Бизнес үчүн мыкты шарттары бар, жаратман экономиканын, инновациялардын өлкөсү.

 

•  Жарандары келечекке ишенимдүү караган өлкө.

 

 

МИССИЯСЫ:

 

Бийлик менен коомчулук ортосунда жарандар кабыл алынган чечимдердин эффективдүүлүгү тууралуу өз пикирин билдире алган, ал эми бийлик бардык кабыл алган чечимдерине толук жоопкерчилик ала алган ишеничтүү карым-катыш системасынын курулушунда элдин таянган жөлөгү болуу. 

 

 

БААЛУУЛУКТАРЫ:

 

 

Демократия, жарандардын саламаттыгы жана жыргалчылыгы, сөз эркиндиги жана жарандык тилектештик, бирдей мүмкүнчүлүктөр, экологиялык туруктуулук жана улуттук баалуулуктарын сактоо.

 

 

ПРИНЦИПТЕРИ:

 

 

Башкаруунун бардык баскычтарында саясий чөйрөнү өз ишин мыкты билген адистер менен жаңыртуу. Билим, инновация жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого негизделген прогрессивдүү өнүгүүнү камсыз кылуу. Жарандар жана коомдун алдында Президенттин, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн жоопкерчилигин калыптандыруу.

 

 

МАКСАТТАРЫ:

 

  • Эл менен бийлик ортосундагы ажырымды жоюу. Жарандарына отчёт берүүчү мамлекеттик башкаруу системасын түзүү.

 

  • Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн эффективдүү программаларын иштеп чыгуу жана аларды ишке ашыруу.

 

  • Тынчтык жана коопсуздуктун глобалдык экосистемасында ишенимдүү өнөктөштүк менен демократиялык принциптер жана баалуулуктар өлкөсү катары улуттук кызыкчылыктарды көздөгөн  ачык тышкы саясат жүргүзүү.

 

 

МИЛДЕТТЕРИ:

 

  • 2025-жылга карата Дүйнөлүк банктын «Doing Business» рейтингинде алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирүү.

 

  • ИДПны 2 эсе көбөйтүү жана өлкөнүн бюджет тартыштыгын 3%га чейин азайтуу.

 

  • Экономикада чакан жана орто бизнестин үлүшүн 70%га чейин жеткирүү.

 

  • Мамлекеттик аппаратка сарпталган чыгымдарды 70%га кыскартуу.

 

  • Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин, окутуучулардын жана мугалимдердин айлык акысын эки эсе жогорулатуу.

 

  • Бейпилчилик индекси боюнча, дүйнөдөгү эң коопсуз 50 өлкөнүн катарына кирүү.

 

  • Инновациялардын глобалдык рейтингинде рейтингди 20 позицияга көтөрүү.

 

 

“Бир Бол” партиясынын программасы биринчи кезекте жакынкы жана орто мөөнөттүү максаттарга жана алардан реалдуу жыйынтыктарды алууга багытталган. Сунуш кылынган ар бир багыт жана чечим ишке ашыруу баскычында профессионалдык экспертизанын элегинен, коомдук талкуудан өтөт. Биздин программабыз эксперттердин жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн сунуштары, түзөтүүлөрү үчүн ачык, ошондой эле ал биздин партиянын бардык талапкерлеринин жамааттык иши болуп саналат.

Башка долбоорлор

СТРАТЕГИЯЛЫК ПЛАТФОРМАСЫ

УРМАТТУУ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР! 2020-жыл өлкөбүздүн ар бир жараны …

Кененирээк

I. ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ

I. Экономикалык өнүгүү II. Эффективдүү мамлекеттик башкаруу III…

Кененирээк

II. ЭФФЕКТИВДҮҮ МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ

Партия мамлекеттик башкаруу системасында төмөнкү багаттырга артыкчылы…

Кененирээк

III. АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖАНА КООПСУЗДУК

Сотторду тандоо кеңешине талапкер көрсөтүү жана шайлоо процедурала…

Кененирээк

IV. БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА МАДАНИЯТ

Сапаттуу билим берүү жана маданиятты өнүктүрүү – биздин партиян…

Кененирээк